Биздин редакциянын кат куржунуна Малайзиянын Ташкенттеги элчилиги Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги аркылуу Малайзия Өкмөтүнүн КР Тышкы иштер министрлигине жөнөткөн Азимбек Бекназаровду Малайзияга Кыргызстандын Элчиси кылып дайындоого макулдук берген агреманынын каттоо номери жана тексти келип түштү:
GX 50/2019
Малайзиянын Өзбекстан Республикасындагы элчилиги Кыргыз Республикасынын Ташкенттеги элчилигине өзүнүн сый-урматын билдирүү менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдын 4-июлундагы N1/1-011/2315-Азимбек Бекназаровду Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кылып дайындоо тууралуу вербалдык нотасына жооп кайтарат.
Малайзия элчилиги Кыргыз Республикасынын Ташкенттеги элчилигине урмат көрсөтүү менен Малайзия өкмөтү Азимбек Бекназаровдун Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалышына макул экендигин билдирет.
Малайзиянын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Ташкенттеги Элчилигине өзүнүн өтө жогору сый-урматын дагы бир жолу билдирет.
Ташкент, 24-сентябрь 2019-жыл
Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ