Ош ШИИБнин билдирүүсүнө караганда, 30-октябрда милицияга ооруканага бычак сайылган адам түшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуянын чоо-жайын териштирген учурда, Ош шаарынын 1995-жылы туулган А.И. аттуу адамга өзүнүн 1996-жылы туулган, Т.А. аттуу аялы кызганычтын айынан анын көкүрөк тушуна бычак менен сайганы билинген. Жабырлануучу аялы менен жашап жатканына эки жарым жыл болгон, аны менен катар жашыруун башка келин менен жашап алган. Аны билип калган аялы кызганып, өз үйүнөн жолдошун ашкана бычагы менен көкүрөккө сайган. Жабырлануучу Ош облусундагы ооруканага жеткирилген.
Окуя болгон жерге барган милициялар тинтүү учурунда эки даана ашкана бычагын: бирин короонун сыртынан, бирин короонун ичиндеги бастырмадан таап алышкан. Андан тышкары, кан тамчылап, колдун изи калган телефон табылган. Ыкчам тергөө иштеринин негизинде, кылмышка шектүү катары Т.А. кармалып, 1-декабрга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ