Menu

Кыргыз эл артисти, бийчи Арстанбек Ирсалиев Америкада каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-октябрда Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театры Кыргыз эл артисти, бийчи, эл аралык сынактардын жана сыйлыктардын лауреаты Арстанбек Ирсалиев каза болгонун билдирди.

Алардын айтымында, маркум 59 жашында кечээ (5-октябрда) көз жумган. Узакка созулган оорусунан кийин чет өлкөгө дарыланууга барып, Америкадан көз жумган. Ооруганга чейин Бишкек хореографиялык окуу жайда студенттерге сабак берген. Арстанбек Ирсалиев 1950-жылы 25-февралда Кара-Балтада төрөлгөн. Ал Ваганов атындагы Ленинград мамлекеттик хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. «Ак куу көлү», «Уктап жаткан сулуу», «Жизел», «Корсар», «Ромео жана Жульетта», «Лауренсия», «Франческа да Римини», «Бахчысарай фонтаны», «Шопениана», «Дон Кихот», «Спартак» жана «Баядерка» классикалык репертуарларында бийлеген. Ошондой эле ал «Анар», «Куйручук», «Асел», «Саманчынын жолу» спектаклдеринде мыкты ролдорду жараткан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: