Menu

Асан Токтосунов сөз эркиндигине каршы. Бирок фактылар көзгө саят

Бөлүшүү:

4-октябрда “Манас Менеджмент Компаниясы” ЖАКнын мурдагы президенти Асан Токтосуновдун биздин редакцияга карата жазган доо-арызы боюнча соттук процесс башталды. Токтосунов соттун жардамы менен биздин гезиттин оозун жапкысы келет окшобойбу. Анткени биз “Манас” аэропортундагы аткезчилик колдогон кожосун алмаштырдыбы?” деген аталыштагы журналисттик иликтөөбүздүн жыйынтыктарын жарыкка чыгара баштаганбыз.

Токтосунов биздин сот системабызды сатып алууга мүмкүн экендигине кудайындай ишенип, утуп чыгам деп ойлойт окшойт. Бирок, айта кетсек, мурда дагы ал соттор менен ийгиликтүү “иштеп” келген жайы бар. Бирок, бардык нерсе түбөлүктүү эмес да… бардыгы соңуна чыгат.

Эң маанилүү соттук териштирүүлөрдө Токтосунов өз компаниясы менен утулган да жайы бар. 26-сентябрда КРнын Жогорку соту Бишкек шаардык соттун коллегиялык чечимин жокко чыгарган, анда Токтосуновдун жубайы – Виктория Горбенко – М.T.F.C. Investitionsprojektentwicklungs GmbH. аттуу австриялык фирманын жеке менчигин рейдерлик жол менен басып алууга аракет кылган. Анын чоо-жайы мындай: австриялык инвесторлор Виктория Горбенко жана Урматбек Момушев аттуу кыргыз өнөктөштөрү менен “Аруу Девелопмент” ЖЧКсын түзүшөт. Австриялыктар ал коом үчүн жеңилдетилген каржылоо уюштуруп берип, европалык шараптар менен азык-түлүктөр менен камсыз кылышат… Кыскасы, ийгиликтүү жана кирешелүү бизнестин башаты үчүн колдорунан келгенин баарын кылып беришет. Бирок, 2017-жылы биргелешкен компаниянын 8 жылдык үзүрлүү эмгегинен түшкөн кирешени бөлүштүрүүгө келгенде,  документтер боюнча “Аруу Девелопмент” ЖЧКсынын эч нерсеси жок болуп чыгат, атүгүл уставдык капиталы да: бул компаниянын башкы директору Аскар Осмоналиев австриялыктарга нөл деген тегерек сандагы баланстарды жөнөтөт.

MTFC компаниясы укук коргоо органдарына кайрылышып, органдар боюнча “Аруу Девелопмент” ЖЧКсынын башкы директору А.Т.Осмоналиев MTFC компаниясынын көзүн будамайлап, аларга тиешелүү акчалай каражаттарга ээ болуу үчүн бухгалтердик жана коомдук каржылык эсеп-кысабы жалган маалыматтарды киргизе бергенин аныкташкан. Ал компаниянын карамагында ээлеринин ортосунда өз үлүшү менен бөлүнгөн мүлк болгонун билип туруп эле, атайын документтерди жасап, MTFC компаниясына 6 289 425 сом суммасында зыян алып келген. Мындан тышкары, Осмоналиев өз милдетинин чегинен ашкере чыгып, мурда пайдаланылган 9 млн сомдон ашык каражатты чыгашага жаздыра берген.

Бул фактылар боюнча “Аруу Девелопмент” ЖЧКсынын башкы директору Аскар Осмоналиевге карата каржы полициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, MTFC компаниясы жабыр тарткан тарап катары саналган.

Эми уурулар жаза алчу мезгил келгендей болгон. Бирок Аскар Осмоналиев менен Виктория Горбенконун артында биздин көптөгөн макалаларыбыздын каарманы Асан Токтосунов турган экен. Осмоналиев менен өз жубайын кылмыш жазасынан сактап калуу (Осмоналиевдин айтымында, «Аруу Девелопменттин» ишмердүүлүгүндөгү бардык акчаларды дал ошол жубайына берип турган имиш) жана MTFC компаниясына бир тыйын да бербөө максатында, бир гана австриялыктарды биргелешкен компаниядан чыгарып салуу гана керек болгон. Ал үчүн эч кандай мыйзамдуу негиз жок экенин каакы ордуна көрбөстөн, биздин сотторго үмүт арткан, анткени ал үчүн сотторубуз шылуундар үчүн дүйнөгү эң гумандуу сот экени талашсыз тура!

Тилекке каршы, Бишкек шаардык сотунун соттору Горшковская, Албанова жана Рыбалкина “шылуундардын” таасирине туруштук бералбай, «Аруу Девелопмент» ээлеринин курамынан MTFC компаниясын чыгарып салуу боюнча ашкере мыйзамсыз чечим чыгарып беришкен. Деги канчага турганын ким билсин, бирок кийин австриялыктардын компаниясына ээлик кылуу аракети мына болоюн деп калган экен.

Бирок, биздин өлкөдө да жакшы жакка оогон нерселер болот экен: Жогорку соттон Горбенко менен Момушев кызылдай эле утулуп калышты. Чындык жеңди! Эми австриялыктар рейдерлик басып алуу фактысы боюнча бул шылуун топ менен анын өкүлдөрүнө гана эмес, шаардык соттун сотторуна да кылмыш ишин козгоону талап кылышмакчы. Эми ал соттор мыйзамсыз чечим кабыл алууга түрткү кылгандарга ыракматын айтып жата беришсин!

Жогорку соттун кабыл алган чечимин эске алуу менен, Токтосуновдун шериги болгон – Аскар Осмионалиевдин тагдыры эми суктанчудай эмес. Албетте, жактоочулар чуркап, кылмыш ишин создуктурууга болгон аракетин жумшашат, тергөөчүнү “майлашат”, же ишти экспертизага жөнөтүшөт, айтор бир нече жылга созулуп кетиши мүмкүн… Бирок бир дагы аракети жүзөгө ашпайт – анткени бардыгы ачыкка чыгып калды, баары бир Осмоналиев (өзү жалгыз да эмес) соттолот. Бекеринен айтылбаса керек да: кыңыр ишке кырк жыл болсо да билинет – деп. Чындыгында, Токтосуновго Кыргызстандагы арызчылардын арасындагы чемпион деген медалын берүүгө убакыт жеткендей: ал 4 кылмыш ишинде бар, бир нече прессага каршы доо-арыздары боюнча сот иштери жүрүүдө. Муну менен эле бүтүп калбайт.

4-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда «Манас Менеджмент» компаниясына карата доо-арызы карала баштады, бул компанияда ал өзү 12 жыл президент болуп иштеген, алдым-жутумдук жана аткезчилик боюнча айыптар коюлуп, ызы-чуу болуп жатып, үстүбүздөгү жылдын апрелинде кызматынан алынган. Эми Асан Токтосунов “жакшы иштегендиги” үчүн «Манас Менеджменттин» 2018-жылдагы кирешесинен 5 пайыз өлчөмүндө сыйлык катары каражат өндүрүп берүүнү талап кылып жаткан кербези. Биздин эсеп боюнча, мамлекетке тиешелүү компаниядан эң аз дегенде 100 миң АКШ долларын утуп алгысы бар! Бизде бир суроо жаралат: өнөкөткө айланган сараңдык – бул оорубу же кулк-мүнөзбү?

Бул иш боюнча сот кандай чечим чыгарат, өзгөчө, доогердин ким экенин эске алсак, аны да көрө жатарбыз, ал эми ал “катышкан” иштер Башкы прокуратура менен Коопсуздук кеңешинин катуу көзөмөлүндө. Бул ирет сот горшковская-албанова-рыбалкина сыяктуу болобу, же мыйзамдуу, негиздүү чечимге келеби? Бул тууралуу маалымдап турабыз дечи.

Ал эми Токтосуновдун Res Publica гезитинин редакциясына койгон дооматына келсек, биз сот процессин чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүлү Бейшеева тыкыр текшерип, Токтосуновдун ар-намысын, барк-беделин өзүнө жараша адилет баа берет деген ишенимдебиз. Биздин редакциянын куржунунда ага карата материалдар жетиштүү. Кыскасы, абдан кызык болгону калды!

Булак: Res Publica

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: