Menu

Гитлердин ойношу, советтик шпионка, же фюрердин сүйүктүү актрисасы Ольга Чехова жөнүндө баян

Бөлүшүү:

Ольга Чехованын ысымына көп легендалар байланышкан. Батыш басма сөзүндө аны «шпион, Гитлерди жетектеп алган» деп жазышкан. Аны СССРге фюрердин ден соолугу жана Германиянын согуштук маанайы тууралуу маалыматтарды берип турат дешчү. Анын үстүнө, советтик чалгынчылык бул сулуу актрисаны — Чехованы Гитлерге кол салууга да даярдамакчы болгондугу жөнүндө маалыматтар сакталып калган. Бул операцияны Сталин өзү жокко чыгарып койгон имиш.

Чыныгы арий аял

Бир жолу рейхсляйтер Мартин Борман Гитлерди артистка Ольга Чехова менен тааныштырып коймокчу болот. Буга фюрер мага кайдагы бир славянка менен таанышып эмне зарыл дегендей жооп берет. Бирок, көгүлтүр көздүү сулууну көрөөрү менен эле пикири өзгөрүп, Борманга: «Орус аялдары семиз жана тултуйган болушчу эле. Бул аял – чыныгы арийка!» – деп айтат.

Гитлер дал бутага тийгендей эле болот. Ольга Чехованын ата-энеси орусташып кеткен немецтерден болуп, фамилиялары Книппер болчу, алар Россияга Германиядан XIX кылымдын башында эле көчүп келишкен. Алар Александрополь шаарында (азыр бул шаар Армениядагы Гюмри шаары) жашашкан. Ольга ал жактан сцена жөнүндө кыялга батып, кеткиси келет. Ошондуктан, ал 17ге толору менен эле, Москвадагы таежеси Ольга Леонардовна Книппер-Чеховага жөнөйт. Ал таанымал актриса МХАТ тетрында иштеп, жазуучу Антон Павлович Чеховдун аялы катары билишчү. Актриса провинциялык жаш жээнин Художественный театрга караштуу студияга орноштурат. Бирок, карьера жасаганга Ольга жетишпей калат. Ал МХАТтын жылдызы аталган Михаил Чеховду сүйүп калат, ал дагы атактуу жазуучунун жээни болчу. Анан дагы кууп ичкен алкоголик эле. Сүйүшкөн эки жаш жашыруун түрдө чиркөөдө нике кыйышып, эки жылча гана чогуу жашашат. Бул көңүл азгырыгына алдырган никеден (Чехова өзү ушундай деген) Ольга бир кыздуу болуп, таанымал фамилияга ээ болот. Дагы көп жылдар өткөн соң, Гитлер Чеховага фамилиясын мурдагы эски немецтик Книпперге которууну сунуштайт. Буга актриса фюрердин ачуусунан коркпостон, баш тартат.

«Сиздин келечегиңиз кең, фрау Чехова!»

Ольга Чехова 1917-жылдагы революцияга кандайча караганын эч ким так билбейт. Бир гана ачык белгилүү факт: тополоң, стачкалар жана забастовкалар, ачкачылык жана нан үчүн чыккан бунттар актрисанын жүрөгүн түшүрөт. Ошондуктан, ал таэжесине нарком просвещения болуп иштеген Анатолий Луначарскийге кайрылууну суранат. Ал жаш актрисага Россиядан чет өлкөгө чыгып кетүүгө уруксат бере алмак. Луначарский чын эле Ольгага чет өлкөгө – Германияга «ден соолугун калыбына келтирүү үчүн жана театралдык билим алууну улантуу үчүн» бир жарым айга уруксат берет.

Кийин бир легенда жаралат: Чехова мекенин биротоло таштап кетип жатканын билгендиктен, өтө кымбат баалуу шакекти тилинин астында катып өткөн. Чек арадан өтүп, Берлинде баягы шакекти сатып, ошого бир жылга жакын жашаган. Ал эми 1921-жылы ал каражат жагынан кыйналган учурлар артта калат. Чехова кинопродюсер Эрих Поммер менен таанышат да, «Замок Фогельод» фильминде тартылат. Кино үнсүз болчу. Ошондуктан, актриса тил жагынан эч кыйналбайт. Премьерадан соң, Поммер
Ольганын колун өөп: «Мындай ийгиликке сейрек адамдар гана жетет. Сиздин келечегиңиз кең, фрау Чехова!» – дейт.

Продюсердин пикирин немецтик газеталар басып чыгышат, аларда дароо мактоо рецензиялары толуп кетет. Ошентип, жаш чет өлкөлүк актриса Германияда даңкталат. Арийне, ал бул ийгилигине жана чоң гонорарга маарып жатып албайт. Чехова күн бою тынымсыз немец тилин окуй баштайт. Кинодо үн пайда болгон кезде анысынын пайдасы тийип, бул чет элдик айымдын дээрлик акценти жок экендиги билинет.

Чехованы башкы ролдорго чакырышып, ал отузга жакын фильмге тартылат (алардын бири да СССРде көрсөтүлгөн эмес). Ал эми 1929-жылы ал режиссер катары кадам таштап,«111ут своей любви» фильмин тарткан. Башкы ролдо өзүнүн мурунку күйөөсү Михаил Чехов ойнойт, ал дагы бул кезде СССРден качып кетип, акчага абдан муктаж болуп жүргөн чагы болчу.

1930-жылдары Чехова немецтик кинонун эң башкы музаларынын бирине айланат. Ошондо эле ал Германия жарандыгын алат. Дагы беш жылдан кийин бельгиялык өнөр-жайчы Марсель Робинске күйөөгө чыгат, аны менен дагы эки жылдан кийин кайра ажырашат. Жада калса нацисттердин бийликке келиши да актрисанын карьерасына жана бактысына тоскоолдук кыла албайт. Чехова рейхтин жетекчилери жана алардын аялдары менен дал өз учурунда достошууга үлгүрөт. Маселен, Гитлер менен ойнош болуп жүрүп, кийин анын аялы болуп калган Ева Браун менен, Герман Герингдин экинчи аялы Эмми Зоннеман менен, жана да Үчүнчү рейх тууралуу пропагандалык фильмдердин автору, кинорежиссер Лень Рифеншталь менен Ольга өтө жакын мамиледе болгон. Геббельс, Геринг, Муссолини жана Гитлерге жакын чөйрөдө Чехова таанымал болуп, Гитлер Ольга Константиновнаны бардык маанилүү мамлекеттик иш-чараларга чакырып, дайыма өз жанына олтургуза турган.

30-жылдарда батыштагы басылмаларда чыккан сүрөт сакталып калган: ортодо — Гитлер Чехова менен олтурушат, жанында – Геринг. Бул сүрөт Риббентроп япон жана италия делегацияларынын урматына уюштурган кечеде тартылган.

Германияга СССР тышкы иштер министри Вячеслав Молотов келгенде, Гитлер ага биринчи болуп Чехованы тааныштырат. Аны фюрердин сүйүктүү актрисасы деп аташкан. Бир жолу ал Ольга Константиновнага өз сүрөтүн да тартуулаган: «Фрау Ольга Чеховага – ачык суктануу жана таңдануу менен» — деп жазган. Бул таңданууда анча-мынча саясий боекту деле байкабай коюуга болбойт. Анткени, не деген күндө да, Германияда 30 жылдарда Марлен Дитрих эң башкы жылдыз болгон да. Бирок, ал Голливуддан өз мекенине кайтып келүүдөн баш тартканын ачык жарыялаган. Нацисттер
өздөрүнө жакпаган маданий ишмерлерге каршы куугунтук баштаган чак болчу. «Саткын» Дитрихти алмаштыруу үчүн, фюрерге андан да кем эмес, сыйкырдуу актриса керек болуп турган. Ал эми анын бүт дүйнөгө таанымал жазуучунун фамилиясын алып жүргөнү – бул ого бетер жакшы болгон!

Чехованын Гитлерге болгон таасири абдан чоң болгон дешет. Айрым маалыматтарга караганда, дал ушул аялдан улам нацисттер оккупациялашкан Крымда Ялтадагы Антон Чеховдун «Белая дачасына» эч зыян келтиришкен эмес. Согуш учурунда Ольга Константиновна фюрердин башкы ставкасында ага бөлүп беришкен бөлмөлөрдө жашаган. Ал фронтко концерттер менен чыгып жүргөн. Анын сүрөттөрүн немец солдаттары менен офицерлеринин колунан да көрүүгө болор эле. Чехова рейх талкаланганга чейин киного тартылып жүргөн.

Юбкачан Штирлиц

1945-жылдын 27-апрелинде Ольга Чехова Берлинде камакка алынып, самолет менен Москвага алынып келинет. Арийне, Гитлерге жакын болгон аялды лагерге жөнөтпөй, абдан ыңгайлуу квартирада кармашат. Туура, Чеховага сыртка чыгууга тыюу салышат. Кийин актриса бул таң каларлык «камак» тууралуу мындайча деген: «Мени эркелетишип, каалаганымдын баарын аткарып турушкан. Эң мыкты чачтарач, вино, продуктылар: икра, лимон ж.б. ташып келип беришет. Менде радиоприемник, гүлдөр, атыр, мыкты китептер бар».

Ошол эле квартирада Чехованы НКВДнын контрчалгындоо Башкы башкармалыгынын комиссары Виктор Абакумов суракка алган. Ал сурактардын протоколдору сакталып калган. Бирок, алардан эч кандай деле өзгөчө чоң сыры жок. Дагы эки айдан кийин Чехованы самолет менен кайра Берлинге жеткиришкен. Актрисага ал тургай советтик зонада оккупация тушунда продукты жагынан да жардам берип турушкан. Кийин Ольга Константиновна Батыш Берлинге көчүүнү каалаганын айтса, муну да оңой эле аткарышкан. Нацисттердин сүйүктүү актрисасына жасалган мындай жылуу мамиле – Чехова тек гана жөнөкөй актриса эмес эле – советтик шпионка болгон деген ойду жараткан. 1945-жылы лондондук журнал Реорlе жана немец газетасы Уоhеn Веitrag жазып чыгышкан. Ольга Чехованы «шпион, Гитлердин башын айландырып алган» аял жана да «тонунун ички бетинде Ленин орденин» тагынып. Бул сыйлыкты ал фюрердин артынан тыңчылык кылганы үчүн алган деп жазышкан.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: