Menu

Фото – Элчи Бакыт Жусупов ТТМКнин 10 жылдыгына карата жана Ѳзбекстандын ТТМКне мүчѳ болуп киришине арналган майрамдык иш-чарага катышты

Бөлүшүү:

Бейшемби, 3-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Бакыт Жусупов Вена шаарында Түркиянын жана Ѳзбекстандын дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрү тарабынан уюштурулган ТТМКнин 10 жылдыгына карата жана Ѳзбекстандын ТТМКне мүчѳ болуп киришине арналган майрамдык иш-чарага катышты.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ кабыл алуучу тарап катары Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын жана Ѳзбекстандын дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүнүн башчылары сѳз сүйлѳштү.

Элчи Б.Джусупов ѳзүнүн куттуктоо сѳзүндѳ Кыргызстандын Түрк кеңешинин председателдигинин учурунда, 2018-2019-жылдардагы жасаган иштеринин жыйынтыгы тууралуу келген конокторго маалымат берди. Кыргызстан Кеңештин председатели болгон убакытта Ѳзбекстан Республикасы Түрк кеңешинин толук кандуу мүчѳсү болгондугун, Венгрия байкоочу статусун алгандыгын баса бергиледи. Ошол эле убакта, Венгриянын борбор шаары Будапештте Түрк кеңешинин европадагы ѳкүлчүлүгү ачылгандыгы тууралуу да айтып берди.

Ушуга байланыштуу, Б.Джусупов ТТМК ѳлкѳ-мүчѳлѳрү түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн маданиятын дүйнѳ жүзүнѳ жайылтууда жана бабалардын мурастарын алакалаштырууда чоң кадам жасалгандыгын белгиледи.

Сѳзүнүн акырында Элчи Түрк кеңешинин председателдигин 2019-жылдын октябрь айында кабыл ала турган азербайжан тарабына ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: