Menu

Ооматы качкан Ооганстан шайлоосу

Бөлүшүү:

Ооганстан президенттигине талапкер Ашраф Гани өзүнүн атаандашы Абдулла Абдулланын бул шайлоодо жеңишке жеткенин эрте айтып жиберди. Анткени менен көз каранды эмес шайлоо комиссиясы жыйынтык чыга элек экенин билдиришүүдө.

Бул жолку саясий лидерлерди тандоодо мурдагыларга салыштырмалуу өтө аз сандагы шайлоочу катышкан. 37 млн калкты түзгөн Ооганстан өлкөсү 9,6 млн адамды шайлоого укуктуу деп каттоого алган. Ошондой болсо да катталгандардын 25 пайызы гана өз добуштарын беришкен. Азыркы учурда шайлоо комиссиясы добуштарды толук санап бүтө элек. Ошондуктан комиссиянын мүчөлөрү саясий лидерлерди алдын ала чечим чыгарбоого чакырды.

Калктын шайлоого катышпоосунун себеби эмнеде?

2004-жылы шайлоочулардын 70 пайызы толук добуш берген. Бирок кийинки 2009-жылдагы шайлоодо бул көрсөткүч 2 эсеге төмөндөгөн. Ал эми 2019-жылы аз сандагы шайлоочу боюнча Ооганстан сап башына чыкты. Калктын шайлоого катышпоолорунун негизги себеби болуп “Талибан” кыймылынын шайлоо участкаларын бутага алабыз деген коркутуулары эсептелет. Коопсуздук чаралары күчөтүлүп кошумча 70 миң аскер тартылганы менен калктын көбү “ач кулактан тынч кулак” деген сыяктуу.

Ошого карабастан бул шайлоо жардыруу менен коштолуп, андан 5 киши каза таап, 90го чукул киши жарадар болду. Андан сырткары байкоочулар, талапкерлер шайлоочуларды толук ынандыра алышкан жок деген пикирлерин айтышты.

Жаңы президент экономиканы өнүктүрө алабы?

Дээрлик кырк жылдык согуш ичинде экономикасы талкаланып “Талибан” кыймылынын астында калган өлкөнү жаңы президент кандай өнүктүрө алат, кандай философияны колдонот аны алдыда көрүп каларбыз.

Азыркы учурда “Талибан” кыймылы Ооганстан менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартууда. Ошондой эле азыркы учурда АКШнын 14 миң аскери Ооганстанда жайгашкан.

Айта кетсек: Ооганстанда 28-сентябрь күнү президенттик шайлоо болуп өткөн. Бул шайлоо “Талибан” кыймылынын бийлиги кулагандан кийинки 4-президенттик шайлоо. Ага жалпысынан 15 талапкер ат салышып, алардын негизгилери Ооганстандын азыркы президенти Ашраф Гани жана өкмөт башчы Абдулла Абдулла эле.

Экөө 2014-жылы да президенттик шайлоого катышып, келишпестиктер болуп катуу чыр чыгып АКШ башында турган Эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен жарашуучулукка келген болчу.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: