Menu

Видео- Азимбек Бекназаров мурунку, кийинки президенттин, Убактылуу Өкмөттүн күнгөй-тескейин, элчиликке барар-барбасын ачык айтты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы башкы прокурор, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген Азимбек Бекназаров бүгүн, 6-октябрда журналисттерге жыйын өткөрдү. Ал буга чейин  президент Сооронбай Жээнбеков бир канча ирет ар кандай кызматтарды сунуштап келгенин айтты. Учурда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиликке сунуш түшкөнүн ырастап, бирок, азырынча ал кызматка баруу боюнча чечим кабыл ала электигин билдирип,  себебин түшүндүрдү.

«Буга чейин эле президент Сооронбай Жээнбеков  мага: «сиз канча жылдан бери жумушсуз жүрөсүз. Бардык президенттерге мокочо болуп көрүнүп келе жатасыз. Мен сизди түшүнөм, экөөбүз чогуу депутат болгонбуз»,-деп  бир топ мамлекеттерге: Түркияга, Азербайжанга элчи болуп барууну сунуш кылган. Бирок мен «биз эки жолу курултай өткөрдүк. Мамлекеттин, улуттун алдында көп иштер бар. Мен Туруктуу элдик кеңештин мүчөсүмүн. Мен курултайда коюлган маселелерди аягына чыгармайынча эч жакка бара албайм»,- деп айттым. Жеке керт башымды, жеке кызыкчылыгымды ойлосом, кете бермекмин. Мен эл, жеримдин кызыкчылыгын таштап кете албайм. Себеби, конституциялык реформага, кендерге байланышкан маселелер да бар, ошолор чечилбей келет, ошону чечмейинче мен эч жакка кетпейм. Дал ушул нерсени мен  президент менен жолукканда айткам. Ушул жумада дагы жолугам, анда кандай чечилет, ошого жараша Малайзияга элчи болуп барам. Жеке маселеси экен деп ойлоп албагыла, дагы кайталайм, конституциялык реформага, кендерге байланышкан маселе”,-деди.

Кыскасы, президенттик тарапка толук өткөнүн, аны колдоорун, президент жакшы иштеп жатканын, бийликке келгенине эки жыл болуп калса дагы Кыргызстандагы байлыкка беш манжасын сала электигин баса белгиледи. Аны менен катар ал Убактылуу Өкмөттүн да туура эмес кылган иштерин, КДПК, “Ата Мекен” партиясынын кемчиликтерин айтып,  “атамекенчи” депутаттар А.Шыкмаматов менен К.Иманалиевди да сынга алды.

Экс-депутат Азимбек Бекназаровдун бүгүнкү жыйында айткандарын толугу менен төмөндөн көрө аласыздар!

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: