7-октябрда Бишкектин Ленинском райондук сотунда экс-мэрлер К.Кулматов менен А.Ибраимовдун иштери боюнча сот отуруму уланды.
Жыйында күбө катары мурдагы каржы министри Ольга Лаврова суралып, Кулматов тушунда Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жөнүндө суроолор берилди.
2014-жылы TBEA боорбордук ЖЭБди модернизациялоо алкагында эки жаңы мектеп курууга 2 млн АКШ доллар грант бөлгөн. Тергөө ал акчаларды Кулматов мыйзамсыз пайдаланган деген айып коюуда.
Күбө катары суралган Ольга Лаврова ал кезде – 2012-2015-жылдары Каржы министри эле. Азыркы тапта Лаврова «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары. ЖЭБдин иши боюнча кылмыш ишинде да өтүүдө.
Лаврова тергөө учурунда ага Калыс-Ордо мектеби боюнча документтерди көргөзгөндө, курулушту кытай компаниясы жүргүзгөнүн түшүнгөн. “Курулушту TBEA каржылап жатат, демек ошолор курат, башкача айтканда, подрядчикти алар тандашат”, – деди Ольга айым
Ал эми прокурордун: “Мамлекеттик-коомдук капиталдык курулуш башкармалыгы (МКККБ – ОГУКС), подрядчиктер жана TBEAнын үч тараптуу келишими жөнүндө эмне билесиз?” деген суроосуна экс-министр: “Эч нерсе билбейм”,- деп кутулду.
“Келишим түзүлгөн учурда мен эчак кызматыман кеткем” деп кошумчалады.
Ошондой эле аталган 2 млн доллар бүджет каражаты эместигин, эгерде чогуу каржыланса, тендер жарыяланбастыгын белгилей өттү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ