Menu

Москвада ШКУга катышуучу-мамлекеттердин ИИМдин Кеңешине караштуу Илимий-консультативдик кеңешинин кезектеги отуруму өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиевдин тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги өкүлү, юридика илиминин кандидаты, милициянын полковниги Р. Салимов Москва шаарында 3-октябрь күнү Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин Кеңешине караштуу Илимий-консультативдик кеңешинин кезектеги отурумуна катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Кеңешине караштуу Илимий-консультативдик кеңешинин төрагасы-Россиянын ИИМдин Жалпы россиялык илимий-изилдөө институтунун башчысы, полициянын генерал-лейтенанты, юридика илиминин кандидаты Валерий Васильевич Кожокарь отурумду ачып, иш-чаранын катышуучулары Илимий- консультативдик кеңешинин мүчөлөрү-Кыргыз Республикасынын, Азербейджан, Армения, Беларусия, Казакстан жана Тажикистан республикаларынын ИИМдин, андан сырткары КМШ катышуучу-өлкөлөрүнүн аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана башка кылмыштын түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча Бюросунун өкүлдөрү менен учурашты.

Илимий-консультативдик кеңештин төрагасы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү билдирди: Бүгүнкү күнү кылмыштуу чөйрөнү түзгөн кылмыштуу аракеттердин жаңы формалары менен ыкмалары пайда болууда. Ушуга байланыштуу, учурдагы коомдун өзгөрүү шарттарына карата ички иштер органдары (Полиция, милиция) өз ишинде уюшкан кылмыштуулук жана криминалдык чөйрөнүн өзүнчө өкүлдөрү тарабынан каршылык көрсөтүү өсүп бара жатканына дуушар болушууда.

Азыркы учурда эл аралык терроризм, улуттар аралык уюшкан кылмыштуулук, адамдарды сатуу, курал-жарактарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, мыйзамсыз миграция менен күрөшүүдө Шериктеш өлкөлөр тарабынан натыйжалуу иштер аткарылууда.

Бирок, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарды жасоо сыяктуу жаңы коркунучтардын пайда болушуу КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер органдары тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Интернет аркылуу банктык чөйрөдө алдамчылык иш- аракеттер жасалып, кылмыштуу максатта криптовалюта колдонулуп, баңгизаттарды жана акыл-эске таасир этүүчү каражаттарды, куралдарды жайылтуу, жашы жете элек өспүрүмдөрдү экстремисттик жана террористтик багыттагы терс мүнөздөгү топторго тартуу, өз өмүрүн кыюга түртүү жасалууда.

Ушунун негизинде Шериктеш өлкөлөрдүн ички иштер органдары жогорудагы багыттар боюнча кылмыштарга каршы бирдиктүү аракеттенүү боюнча, анын ичинен илимий коштоодо учурда өзгөчө мааниге ээ болууда.

КМШ катышуучу-өлкөлөрүнүн аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана башка кылмыштын түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча Бюросунун директору, полициянын генерал-лейтенанты Олег Федорович Коновалов катышуучулар менен учурашкан соң, 2019-жылдын майында Ташкентте өткөн ИИМдин Кеңешинин отурумунда кабыл алынган чечим жөнүндө маалымат берип, кылмыштуулук менен күрөшүүдө Шериктеш өлкөлөрдүн ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн илимий жактан камсыздоодо Илимий-консультативдик кеңештин ролу жана актуалдуулугун белгилеп, ИИМдин Кеңешинин ишмердүүлүгүн илимий жактан камсыздоо боюнча КМШ катышуучу-өлкөлөрүнүн аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана башка кылмыштын түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча Бюросу менен ИККтин негизги багыттары менен кийинки кадамдарын баса белгилеп кетти. Андан сырткары, жыйындын алкагында Илимий-консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн маалыматтык технологияларга байланышкан кылмыштарга каршы аракетенүү чөйрөсүндөгү илимий билдирүүлөрү угулду.

Отурумдун жүрүшүндө Илимий-консультативдик кеңештин мүчөлөрү 2019-жылга карата ИККтин Иш-планынын аткарылышы жана 2020-жылга карата ИККтин Иш-планынын долбоору жөнүндө талкуулашты.

Андан сырткары, РФдин ИИМдин чечими менен Илимий-консультативдик кеңештин мүчөлөрүнө Россиянын ИИМдин жана Россиянын ИИМдин жалпы россиялык илимий изилдөө институтунун федералдык мамлекеттик түзүмдүк мекемесинин сыйлыгын жана белектерин тапшырды.

ИИМдин Кеңешине караштуу Илимий-консультативдик кеңешинин төрагасы Валерий Васильевич Кожокарь ИККнын мүчөлөрүн аткарган иштери үчүн ыраазычылыгын айтып, алдыга коюлган тапшырмалар жемиштүү аткарыла тургандыгына ишенимин билдирди.

ИИМдин Кеңешине караштуу Илимий-консультативдик кеңешинин отуруму достук жана иштиктүү маанайда өттү. Жыйындын катышуучулары Россиянын ИИМдин Жалпы россиялык илимий изилдөө институтунун федералдык мамлекеттик түзүмдүк мекемесине меймандостугу, иш-араны жогорку деңгээлде уюштурушкандыгы жана өткөрүшкөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: