Menu

Виталий Люкс, футболист: “Кыз тапсам, Кыргызстанда калышым мүмкүн”

Бөлүшүү:

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс бүгүн 7-октябрда Бишкекте немис жаштары менен жолукту. Бул жолугушууну “КР немистеринин элдик кеңеши” аттуу коомдук бирикме уюштурган. Ал өзү жөнүндө, футбол, жашоо, келечек максаттары жөнүндө кобурап берди.

Чындыганда Виталий Люкс былтыр Араб Эмираттарында өткөн Азия кубогунда топ артынан топ киргизип, кыргыз күйөрмандарын абдан сүйүнткөн.

Курама команда боюнча кесиптеши Эдгар Бернхардт экөө азыр Германияда жашап, ошол жакта ойношот. Жаштардын: “Кыргыстанга көчүп келесизби?” деген суроосуна күлүп: “Кыз тапсам, Кыргызстанда калышым мүмкүн” деди. Виталий Люкс менен Эдгар Бернхардт Кыргызстан курама командасында ойношкондуктан, 10-октябрда Бишкекте өтө турган Мьянма менен болгон тайпалык оюнга учуп келишкен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: