Ош шаардык сотунда Баткендин прокурорунун өлүмү боюнча соттук териштирүү уланууда. Айыпталып жаткан Мелис Калыковдун бир тууганы Дамира Калыкованын айтымында төрагалык кылган сот Жолборс Кудаяров 70 ашык күбөлөрдү суроодон баш тартып жатыптыр, анын чиинде башкы прокурор да бар экен. Жактоочулар Өткүрбек Жамшитовго чакырма эки жолу жөнөтүлгөнүн, бирок келбей жатканын айтышты. Мелис Калыковдун жактоочулары башкы прокурорду күч менен алып келүүнү талап кылышты.
Эскерте кетсек, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду 2018-жылдын 18-ноябрында өлтүрүп кетишкен. Анын өрттөнүп кеткен денеси шаардын четинен табылган. Милиция өлүмгө шектүү катары жергиликтүү капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери кармалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ