Menu

Депутат Зулпукаров маданият министри Жаманкуловдон “экзамен” алды. Ал Алымбек Датканы билбей калдыбы?

Бөлүшүү:

Алымбек Датканын 220-жылдык мааракесин белгилөө ноябрь айынын башында өткөрүү болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин бүджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов айтты. Салтанатты өткөрүү жоопкерчилиги өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнө тапшырылган экен.

“Мааракенин урматына Ош облусунда бир нече илимий-практикалык конференцияларды өткөрсөкпү деп турабыз. Ноябрдын башына туштасакпы деген ой бар, азыр Ош облусунун өкмөт өкүлүнөн сунуш күтүп жатабыз”, – деди министр.

КСДПчы депутат Төрөбай Зулпукаров мааракени өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын сурады. “Алымбек Датка ким экенин билесизби? Элди канча жыл башкарган? Аны билесизби? Канча жашында вазир болгон? Эгерде андай маараке өткөрө турган болсоңуз, анда тарыхты билишиңиз керек. Канча жыл вазир болуп турган? Сизде маалыматтар болушу керек”, – деди Зулпукаров.

А.Жаманкулов анда жалпы маалымат бар экенин кыйытты эле, Т.Зулпукаров: “googleга киргиле, окугула. Алымбек Датка бүткүл дүйнө билген мамлекеттеги алгачкы вазир болгон. Анын таасири катуу болгон. Ал Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда жашаган кыргыздардын башында турган. Азыркыча айтсак, ал кадимкидей мамлекеттик ишмер болгон. Кыргыздар анын тарыхын эң мыкты билиши кажет”,- деп күпүлдөп алды.

Маалымат үчүн: Алымбек Датка (1799/1800, Алай өрөөнү — 1862 же 1863) — XIX кылымдагы Кокондук саясый ишмер. 27 жашында Мадалы хан тарабынан Коконго кызматка чакырылып, мамлкеттик ишмер катары мансап жасап, урматтуу датка ысымына жеткен – датка – “адилеттүү башчы” дегенди түшүндүрөт. 1827-1862-жылдардагы көптөгөн маанилүү окуяларга катышкан, ал учурда 8 хан алмашкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: