Бүгүн, 7-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Азербайжандын экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиясынын биргелешкен жыйыны болду. Анда Азербайжандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Зюбов Ягуб Абдулла эки элдин достугу жөнүндө узун кеп салды. Сөз аягында: “Биз бир тууган элбиз. Маданий да, диний да, салтыбыз да, тамырыбыз да окшош. Кыргызстанда 20 миңден ашык азербайжандар жашайт, бизге өз элиндей мамиле кылышат. Азербайжандарга болгон мындай жылуу мамилени Кыргызстандан башка бир да өлкөдөн көрбөдүм. Күч – бирдикте. Бир тууган элдин мамилесине доо кетпесин”, – деди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ