Menu

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Башкы директору саламаттык сактоо чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалардагы Кыргызстандын аракеттерин колдоду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-октябрь күнү, БУУнун Качкындар иштери боюнча Башкармалыгынын Жогорку комиссарынын Аткаруу комитетинин 70-сессиясынын алкагында жарансыздык менен күрөшүү темасындагы жогорку деңгээлдеги жыйынга катышуу үчүн Женевага сапарынын жүрүшүндө КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Башкы директору Доктор Тедрос Гебрейесус менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөнүн саламаттык сактоо секторун реформалоо жана жакшыртуу менен байланышкан, ошондой эле уюм тарабынан аткарылып жаткан долбоордук ишмердүүлүк тууралуу талкуулашты.

Министр Чыңгыз Айдарбеков, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун долбоордук ишмердүүлүгү саламаттык сактоо секторун бекитүүдө мамлекеттин ийгиликтүү жана ырааттуу ишине өзүнүн салымын кошуп жаткандыгын белгиледи жана уюм тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылык билдирди. КР ТИМ жетекчиси ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу жолу аркылуу ВИЧ/СПИД, кургак учук, жугуштуу эмес оорулар (НИЗ), анын ичинде жүрөк-кан тамырлары, өпкө оорулары менен күрөшүү, ошондой эле өлкөдөгү алгачкы медико-санитардык жардамды бекемдөө жана өнүктүрүү сыяктуу саламаттык сактоо жаатындагы көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүдө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан Кыргызстанга көмөк көрсөтүүнүн улануусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Башкы директору Кыргызстандын саламаттык сактоо жаатындагы өткөрүлүп жаткан реформалардагы аракетин колдоо менен, тараптардын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун түзүлгөн деңгээлин оң белгиледи. Башкы директор Т.Гебрейесус жемиштүү жолугушуу үчүн Министрге ыраазычылык билдирди жана өлкөнүн алдында турган маселелерди чечүү максатында кызматташууну улантууга даярдыгын тастыктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: