Menu

Видео – Рая Атамбаева менен кечээ тойдо кимдер бийлегенин бүгүн Бекназаров айтып салды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы башкы прокурор, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген Азимбек Бекназаров бүгүн, 6-октябрда журналисттерге жыйын өткөрүп көп нерсени ачыктап салды. Аны бири кечээги той. Кечээ ЖК депутаты Руслан Казакбаев баласын үйлөнтүп, белгилүү саясатчыларды чакырган. Ал тойго экс-президенттин жубайы Рая Атамбаева менен кенже баласы Кадыр Атамбаев да барган. Рая Атамбаеванын барганын эч ким билген эмес, аны бүгүнкү жыйында Бекназаров айтып салды.

Атамбаевди үй камагына чыгарып койбойсуңбу деген ойду айтканым туура экенин кечээги той дагы тастыктады. Анткени ал тойдо ошол эле Атамбаевдин аялы, баласы, Текебаев, Мадумаров, Бабанов, Ташиев дагы отурду. Биз кыргыз кичинекей элбиз. Эртең эле бир жерден болбосо, башка жерден ушинтип жолугабыз. Ошондуктан мен мурда эле айткам, бири-бирибизди каралабай, кечиримдүү бололу» деп. Кечээ мамлекеттик чиновниктердин Рая айым менен бийлегендерин, сүрөткө түшкөндөрүн көрдүм. Мен башка столдо отургам, ошондуктан сүрөткө түшкөн жокмун, аларга барган да жокмун. Мен аксакал болгон соң алар келип учурашса жакшы болмок, алар келген жок, мен да барган жокмун“, – деди Бекназаров.

Экс-депутат Азимбек Бекназаровдун бүгүнкү жыйында айткандарын толугу менен төмөндөн көрө аласыздар!

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: