Menu

Нурсултан Кубанычбек уулу, милициянын ага лейтенанты: “Балдардын келечекте ким болуусуна ата-эненин тарбиясы биринчи орунда турат”

Бөлүшүү:

Милиция тармагында Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери үч кесипти аркалап келишет. Алар: юрист, мугалим жана психолог. Ушул үч кесипти жакшылап өздөштүрүп алганыӊ – жаш балдардын тилин таба билгендигиӊ. Биз бүгүн өзүнүн ишин мыкты билген адис, Кадамжай РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага аймактык тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Кубанычбек уулу Нурсултан жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Кадамжай району Баткен облусундагы көп улуттуу калк жашаган эӊ чоӊ район. Кадамжай шаарчасы жол боюнда жайгашкандыктан, элдин агымы тынымсыз, соода-сатык да кызуу өрчүгөн. Райондун тартип сакчылары болсо калк коопсуздугун сактап күнү-түнү кызмат кылып, кылмыштуулукту ооздуктап келишет. Өспүрүмдөр арасында кылмыш болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт эмеспи. Ошондуктан Нурсултан дагы жайкы күндүн ысыгына карабастан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдына алыш үчүн кызматтын үстүндө. Түнкүсүн ата-энесинин кароосу жок жүргөн балдар менен иштешсе,
күндүзү базарларды кыдырып, ар кандай өспүрүмдөр менен коштолгон мыйзам бузууларды тактап келет. Жайкы каникул учурунда өспүрүм балдар көпчүлүгү эс алуу учурунда болгондуктан, атайын жайкы лагерлерге барып эс алуудагы балдарга сабак жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чараларды өткөрүү менен алек болот. Башында айтылгандай Кадамжай районунда көп улуттун элдери жашагандыктан, экстремизм-терроризм жаатында дагы онунчу бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте иш-чаралар өткөрүлүп турат. Балдарына кайдыгер карашкан ата-энелерге Нурсултан таӊ калып бүтпөстүгүн айтып өттү.

«Жашоодо ар кандай адамдар кездешет, кээ бир ата-энелер балдарына таптакыр көӊүл бурушпайт. Балдарынын эмне кылып жүргөндүгн же сабактарда жетишип-жетишпегендигине кайдыгер мамиледе. Менимче жаӊыдан өөрчүп келе жаткан өспүрүм жаш көчөттөй болот. Ошол өсүп келе жаткан көчөткө жакшы мамиле кылып убагында суу берип турса, кийин өскөндө жакшы жемишин берээри анык. Андыктан өспүрүмдү дагы жаш кезинде туура жолго салса ал дагы чоӊойгондо өз жемишин берет. Эӊ башкысы ата-эненин тарбиясы толук кандуу болуп же ата-эне баласына туура багыт берип, баланы түз жолго салса келечекта жакшы адам болгонго мүмкүнчүлүгү да чоӊ болот»- дейт Нурсултан.

Жай айынын күн ысык учурларында элдин көбү бош учурларында көлмө, дарыя, канал жээктеринде сууга түшүүсү күч алат. Атайы сууга түшүүчү жерлер каралбагандыктан өспүрүмдөр арасында сууга агып же чөгүп кеткен фактылар дагы аз эмес. Бул учурда Нурсултан кесиптештери менен биргеликте өзөн бойлоп, сууга түшүү боюнча коопсуздук каралбаган жерлерге көз салып, коопсуздук жок жерлерде сууга түшүү өмүргө коркунучтуу экенин айтып, атайын түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүп келишет.

Нурсултан азыркы учурда өзү иш алып барып жаткан тармакта баары жакшы экенин, бирок бир гана штаттык бирдиктер жетишпей жаткандыгын айтат. Мектептердин көптүгү жана бири-биринен аралыгы алыс болуп жаткандыгы ЖӨИИ кызматкерлерине кээ бир учурларда бардык мектептерге барып келишине кыйынчылык жаратаары турган иш эмеспи. Форма кийип ушул кесипти тандап алгандан кийин жумуштун оордугуна карабай, ишин так аткарып, бардыгына жана тапшырма менен милдеттерди так аткарууга жетишкенге аракет кылып келеээрин билдирди. Эӊ башкысы кесиптештер менен ынтымакта болуп, жетекчилик жактан колдоо көрсөтүлүп турса иштин кыйынчылыгы билинбей өтүп кетээрин айтты. Нурсултан тогуз жылдан бери ИИОдо кызмат өтөп келет. Өзү жөнүндө айта кетсек үй-бүлөлү, Кудай бюрса жакында наристелүү болобуз деп келинчеги экөө болочок бакытын күтүп жаткан убагы. Сөздүн аягында Нурсултандын ишине ийгилик каалап, келинчегинин аман-эсен көз жарып алуусуна аруу тилек айтабыз.

Булак: “Бетме-Бет”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: