Menu

Новосибирскинин Хилок базарында кыргыздар акча доолаган рэкетердин “Инфинити” унаасын өрттөп, өздөрү менен мушташышкан

Бөлүшүү:

Кечээ Орусиянын Новосибирск шаарындагы Хилок базарынын жанынан Кыргызстандын жарандары катышкан массалык мушташ чыкты. Бул тууралу аталган шаардагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Жаркынбай Тойтуков билдирди.

Анын айтымында, араздашуу кечээ, 7-октябрда саат 15.00 чамасында болгон. Болжол менен бир нече кыргыздан мурда Кыргызстанда жашаган жердешибиз акча доолаган.

«Ал өз кишилери менен келип, кыргыздарды сабап, акча доолап, базарда тынч иштегенге мүмкүнчүлүк бербей келген”. – дейт Тойтуков. Соодагерлер бул кордукка чыдабай, анын “Инфинити” маркасындагы унаасын өрттөп жиберишкен. “Кечээ окуя болгон жерге биздин консул келди. Азыр абал тынч эле” – дейт Жаркынбай.

Орус басылмасы “Вести” билдиргендей, массалык мушташка 200дөй чамасында киши катышып, 50 киши камакка алынган.

“Окуя болгон жерге келген участкалык милиция кызматкери бир нече ирет тапанчасы менен асманга ок чыгарып, жардамга укук сакчыларды чакырган”. – деп берет “Вести”. Дароо укук коргоо органдары, ОМОНдун жоокерлери келип, көчөлөрдү тосушкан.

“Новосибирск Онлайн” басылмасы билдиргендей, ооруканага 5 киши кайрылган. Алар негизинен желим октордон жаракат алышкан экен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: