7-августта Кой-Таш окуясында башынан жаракат алып, комага түшкөн Чүй облусунун ШИИБиснин башчысы Самат Курманкулов Москвадагы жандандыруучу борборлордун биринде дарыланып жатат.
“Самат мырзада аз-аздан болсо да, оң динамика байкалды, колу-бутун бир аз кыймылга келтирип, үн чыгарган атайын аппарат менен сүйлөгөнгө аракет кылып жатат, азырынча үн байламталары алсыз болууда”, – деп Саламатыкты сактоо министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, Кой-Таштагы окуядан Самат Курманкулов башына таш тийип, абалы өтө оор болуп, эсине келе албай, Бишкектин ооруканасында 4 күн жатып, 12-августта Москвага алып кетишкен эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ