Menu

Кыргызстанда алтын валюта кору 50 миллион долларга азайды

Бөлүшүү:

Кыргызстан деле жакынкы эле айларда алтындын кору көлөмүнүн көптүгү боюнча рекорддук көрсөткүчтө жүргөн. Алтындын резерви Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга жардам берет.

Маалыматтарга караганда өткөн айдын аягына карата эле Кыргызстандагы алтын валюта кору 2 миллиард 285,7 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалган.

Эске салсак, август айында алтын валюта кору рекорддук көрсөткүчтү түзүп, 2 миллиард 355,8 миллион доллар болгон.

Ошентип бир ай ичинде эле резерв 50 миллион долларга кыскарып кеткен. Анын себептери айтылган жок.

Бул 2002-жылдан берки Улуттук банктын тарыхындагы экинчи көрсөткүч. Ал учурдан тарта маалыматтар ачык айтылып келе жатат.

Алтын валюта запасы Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Резерв ондон ашык валютадан жана алтындан турат.

Кыргызстандагы акча базасы да өзүнүн рекордун коюуда. Анын пайдалуу же зыяндуу экенин эксперттер айтып берген.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: