Menu

Исаковго илешкен чындык же илим-билимге “түкүргөндүк”

Бөлүшүү:

О кокуй Исаков, кечээ эле келбеди беле билим министрлигине. Келбей жатып кылганы бул болсо, билимге эмгеги сиңген “Икрамов отличниктеринин” отрядын бир айда эле өстүрүп чыгат го. “Ат минбеген минип өлтүрөт” деген ушул белем. Кудайды караса болбойбу? Каныбек Исаков Билим жана илим министри болоору менен эле Ош шаарындагы Нышанов атындагы №50 орто мектептин география мугалими 23 жаштагы Бактыгүл Жапар кызына “Билим берүү отличниги” наамын бериптир. 23 жаштагы мугалим “Билим берүү отличнигин” алат деген не шумдук? Аны алууга эмне деген чеке тер агызган мээнет керек? Бери дегенде билим берүүгө 15 жылдан кем эмес иштеши зарыл. 3 жыл араң мектепте иштеп, анан отличник алууга ал кыздын эмгегине Каныбек Исаковдун докторлук ишин кошуп берсе да уят эле да. Мына кызык тамаша. Төбө чач тик турду. Мектепте 20-30 жыл иштеп алалбай жүргөн ардак наам бул жаш кызга кандайча берилип калды? Учурда ушул иштин айланасында коомчулукта кызуу талкуулар жүрүп бирөөлөр ал кызды Исаковдун жердеши экен десе, бири тууганы, башкасы студенти экен дегендей пикирлерди айтууда. Кимиси болсо да, жалпы Кыргызстандагы элге билим берүү системасына министр болуп келээри менен кадырын түшүрүп алды. Эми 23 жаштагы кыз отличник болуп атса, өмүрүнүн жарымын берген көпчүлүк мугалимдер тынч олтуруп калат беле? Бул араң турган билим берүүгө олчойгон интрига ташталды деген сөз да. Деги бир жыргабай койдук го. “Мектеп жыйымдарын” токтотду деп сүйүнүп, эми мугалим, директор жыйымдарга алаксыбай билимге көңүл бурат деп жатсак, эми накта ойлоруна орошон “чатак” баштаган бомбаны таштап бербедиби. Билим берүү бир топко чейин оңолбойт тура, атана иттики десе.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: