Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: Айдоочулук күбөлүктүн жаңы бланкалары жарандарга жеткиликтүү болот

Бөлүшүү:

Улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн жаңы бланкалары, ошондой эле транспорт каражаттары тууралуу документ өлкө жарандарына жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы үлгүдөгү бланкаларды киргизүү боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

Өкмөт башчы мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланкаларды – жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү  даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жарыяланган тендердин жыйынтыгы боюнча «Госзнак» ЖЧКсы жеңүүчүлөрдүн бири болгонун белгиледи.

«Мамлекеттик документтер чет өлкөдө эмес,  өлкө ичинде даярдалышы керек. Жергиликтүү компания утуп алганы кубандырат. Бул мамлекеттик бюджетке салыктан түшүүчү төлөмдүн көбөйүп жатканын билдирет. Эң маанилүүсү, документ жарандар үчүн жеткиликтүү болуп калды, анан да жаңы айдоочулук күбөлүк бир топ арзандады», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев айдоочулук күбөлүктүн бланкаларынын баасы 90% чейин кыскарганын белгиледи. Бул өз кезегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын төмөндөшүнө алып келет.

«Бул жакшы мүмкүнчүлүк документтерди даярдоо ишин ата мекендик компания жүргүзүп жаткандыгынан улам түзүлүүдө. Эми баасы валюталар курсуна көз каранды болбойт. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында өлкө жарандары үчүн да, тиешелүү мамлекеттик органдар үчүн да айдоочулук күбөлүктү алуудагы керектүү документтердин саны кыскарат», – деп белгиледи Премьер-министр.

Муну менен бирге Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүүнүн максаты алардын баасын төмөндөтүү гана эмес, коопсуздукту камсыздоонун алдынкы технологияларын колдонуу менен заманбап корголгон документти түзүү болуп саналат.

«Жаңы үлгүлөр айдоочулардын өздүгүн идентификациялоонун эл аралык талаптарына дал келет. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында гана эмес, анын чегинен тышкары дагы зор ишенимге ээ болот. Жаңы үлгүлөрдө 20дан ашуун коргоочу элемент бар. Бул аларды эч ким жасай албай турганын айтып турат. Атайын сканерлерде жасалма экендигин же жоктугун көрүүгө болот», – деп белгиледи Премьер-министр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы мөөнөттөгү айдоочулук күбөлүктөрдү мөөнөтүндө берүү жана жарандардын ыңгайы үчүн Калкты тейлөө борборлорун ачуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Маалымдама: Мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктүн бланктары курс боюнча 925 сом (12 евро) турчу, азыр алардын баасы 100 мом 86 тыйын. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон (7,5 евро) 52 сомго чейин арзандады.

Жаңы улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 2019-жылдын ноябрь айынын аягында берилип баштайт.

Белгилей кетсек, транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр  2019-жылдын 26-июлунда бериле баштаган. Ата мекендик компания – «Госзнак» ЖЧКсы менен келишим түзүлгөндүгүнө байланыштуу, бланканы сатып алуу чыгымы азайды. Эгерде буга чейин жөнөтүүчү менен түзүлгөн келишимге боюнча бланка 770 сом (10 евро) деп бааланып келсе, бүгүнкү күндө ал 192 сомду түзүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: