“Окуя Монголиянын Ероо аймагында болгон”, – деп жазат жергиликтүү басылмалар. Бул шумдуктуу окуя коомчулуктун бүйүрүн кызытып койду. Малчылар кооптонуп турушат: эгерде мурда жырткычтар малга кол салса, эми кишиге кол сала баштаганы чочутууда. Аюу чоң кишини жеп, эки буту эле калыптыр. Өлгөн кичинекей баланы аюу жерге көөмп койгон экен. Эл дүрбөп, мылтыктарын ала чуркап, жырткычты издөө менен алек. Алар мындай жырткычтарды атууга уруксат берүүнү талап кылып, бийликтин эч нерсе кылбай жатканына нааразы болушууда. Адистердин айтымында жырткычтар ачкачылыктан эл жашаган аймактарга баш бага баштаган экен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ