Menu

Тажикстандын футбол боюнча жаштар курамасы Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө өттү

Бөлүшүү:

Тажикстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19) Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө өттү. Тандоо оюндарынын чечүүчү беттешинде тажик футболчулары сириялык курдаштарын 1:0 эсебинде утуп алышты.

Беттеш 6-октябрь күнү кечинде Душанбедеги Борбордук стадиондо өтүп, андагы жалгыз голду 23-мүнөттө Шахром Самиев киргизди.

«С» тобундагы экинчи беттеште Ливан курамасы Мальдив аралдарын 2:0 эсебинде утуп, турнирдик жадыбалда экинчи сапка көтөрүлдү.

Футбол боюнча жаштар арасындагы Азия биринчилигинин финалдык бөлүгү кийинки жылы Өзбекстанда өтүп, ага 16 команда катышат.

Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси болгон Тажикстандын 17 жашка чейинки жаштар курамасы быйыл дүйнө чемпионатына (2019 FIFA U-17 World Cup) катышат. Мелдеш 4-октябрдан 26-октябрга чейин Бразилияда өтөт. Анда тажик футболчулары Аргентина, Испания жана Камерун курамалары менен бирге «Е» тобунда ойношот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: