Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков: Бишкектеги ШКУ Саммити дипломатиялык кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана кыргызстандыктардын колдоосу менен ийгиликтүү өттү

Бөлүшүү:

«Бишкектеги Шанхай кызматташтык уюмунун Саммити дипломатиялык кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана кыргызстандыктардын колдоосу менен ийгиликтүү өттү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-октябрда, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине даярдык көрүү жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өткөн ШКУ Саммити өлкөнүн саясий жашоосундагы ири окуя болгонун белгиледи.

Саммитке катышуу үчүн ШКУ өлкөлөрүнүн — Россия, Кытай, Пакистан, Индия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, жана ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрү — Иран, Афганистан, Белоруссия жана Монголиянын лидерлери келгенин эске салды.

«Дүйнөлүк державалардын лидерлери Бишкектен азыркы замандын эң актуалдуу маселелерин талкуулашып, тиешелүү чечимдерди кабыл алышты. Миңдеген массалык маалымат каражаттары Бишкектеги саммиттин жүрүшүн дүйнөлүк телеканалдардан чагылдырышты. Дүйнөлүк коомчулук биздин өлкөдө өткөн ШКУ Саммитин 2019-жылдын эң чоң саясий окуялардын бири катары баалады», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент мындай ири эл аралык иш-чараны өткөрүүдө кыргызстандыктар өз колдоосун көрсөтүшүп, биримдик жана ынтымактын үлгүсүн көрсөтүшкөнүн белгиледи.

«Элдин биримдиги эл аралык маанидеги саясий иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бардык кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ШКУ Саммити ата мекендик дипломатиянын тарыхында маанилүү окуя болгонун баса белгилеп, дипломатиялык кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүк сапаттары жана даярдыктарынан улам аны кынтыксыз өткөрүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле куруучулардын, шаардык кызматтардын, ММК өкүлдөрүнүн жана чыгармачыл инсандардын чоң салымын белгилеп өттү.

Бүгүн алардын көпчүлүгү мамлекеттик сыйлыктарды алышты.

Президент аларга бекем ден соолук, бакубатчылык, ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, Мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынын даярдоого жана өткөрүүгө салым кошкондорду мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата кол койгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: