Menu

Чалгындоого берилген кен токтотулду

Бөлүшүү:

Кыргызстанда кен казуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерге элдердин каршылыктары жер-жерлерде күн санап өсүүдө. Кечээ Токтогул районунун Үч-Терек, Кызыл-Өзгөрүш жана Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн айрым тургундары да ошол аймакта жүргүзүлүп жаткан геологиялык чалгындоо иштерин токтотууну жана кенге берилген лицензияны жокко чыгарууну талап кылышып жыйын кылышкан.

Ал жыйынга Үч-Терек жана Кызыл-Өзгөрүш айылдарынан 500дөй тургун катышкан. Эл менен жолугушууга Токтогул районунун акими Таалай Жайылов баштаган жергиликтүү органдардын кызматкерлери да барышкан. Район акими «Кирекс Оф Минералс» жоопкерчилиги чектелген коомуна Токтогул районунун аймагынан чалгындоо иштерине берилген лицензиялар токтотулганын билдирди. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет тарабынан «Кирекс Оф Минералс» компаниясына 2016-2020-жылдар аралыгында Токтогул, Тогуз-Торо, Жумгал райондорунун аймагынан алтын, күмүш, коргошун, жез, цинк, жана валинденге геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө 21 миң гектардан ашуун жер аянтына лицензия берилген.

Кызыл-Өзгөрүш жана Ничке-Сай айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде, мамлекеттик комитет ушул жылдын 25-сентябрында, Токтогул районундагы жер аянттарынын баарына берилген лицензияны жокко чыгарган.

Жыйынга чогулгандар бул иштерди улантып, экологияга зыян келтирген башка кендерде көзөмөлдү күчөтүүнү сунуш кылышты.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: