Menu

Кызыл-Кыяда шифер заводу ишке кирет

Бөлүшүү:

Быйылкы жылы Кыргызстанда өндүрүштө чоң өзгөрүүлөрдүн болушу күтүлүүдө. Өлкөдөн инвесторлор чыгып кетип жатат дегенибиз менен жеке казынанын салымы менен 2020- жылдын 1 жарым жылдыгында Кызыл-Кыяда жаңы шифер заводу ачылат. Маалыматка ылайык, завод 255 млн. сомго салынат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Баткен облусуна болгон иш сапарында маалым болду.

Заводдун башкы директору Санжар Капаровдун айтымында, завод жылына 3.7 млн. сомго чейин шифер чыгаруусу күтүлөт жана 120 жумушчу орун тузүлөт.

«Региондорду өнүктүрүүдөгү инфраструктура бизнес-долбоорлор үчүн 2 млрд. сом каралган. Аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын коомдук фонд түзүлгөн. Ошону менен бирге эле жарандарды жүмуш орду менен камсыз кылган жана жергиликтүү коомдуу өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн ачылып жаткан өнөр-жай демилгесин колдойбуз», – деп билдирди өкмөт башы.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: