Menu

Түркия Сириядагы күрддөргө абадан сокку урду

Бөлүшүү:

Түрк авиациясы Сириянын түндүк-чыгышындагы күрддөрдүн позициясына сокку урду. Бул тууралуу Ливандын Al-Mayadeen телеканалы жана сириялык ММКлар билдиришти.

Чабуул күрд куралдуу топторунун башкы кеңсеси жайгашкан Хасака провинциясында болгон. Курмандыктар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Буга чейин Түркия президенти Режеп Эрдоган түрк аскерлери Евфрат дарыясынын чыгышындагы аймактарда аскердик операция баштоого даяр экенин жарыялаган.

Түркия тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Иран ТИМ башчысы Мухаммед Жавад Зариф менен телефондук сүйлөшүүсүндө түрк армиясынын аракети убактылуу экенин, Анкара Сириянын аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын айтты.

Сириядагы күрддөр – «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы күрөшүүдө АКШнын башкы өнөктөштөрү. Түркия болсо күрд куралдуу топторун террордук уюм катары эсептейт.

6-октябрда АКШ президенти Түркия президенти менен телефондо сүйлөшкөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Трамп Сириянын түндүгүндө аскердик операция жүргүзүүдө Эрдоганды колдобой турганын айткан. Трамптын билдиришинче, америкалык аскерлер бул операцияга катышпайт. Трамп эгер Түркия ага жакпаган кадамдарга барса, бул өлкөнүн экономикасын талкалап, жок кыларын эскерткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: