Menu

Видео – ИИМдин полковнигин атып өлтүргөн Атамбаевдин жансакчысы Эркин Мамбеталиев ИИМге 2 джип белекке берди. Кунубу?

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-октябрда Алмаз Атамбаевдин бир кездеги жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткенде жайгашкан ИИМдин ички аскерлерине эки Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү джипти белек кылып берген.

Эркин Мамбеталиев бул белегин чек араны кайтарган аскерлердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн кошкон жеке салымы катары түшүндүргөн.

2000-жылдардын башында Эркин Мамбеталиев кримтөбөл Рыспек Акматбаев менен кызматташып, ошол эле учурда бизнесмен Алмаз Атамбаевдин да жан сакчысы да болуп иштеген.

2008-жылы КР Жогорку соту аны КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги, полковник Чыныбек Алиевди жана депутат Жыргалбек Сурабалдиевдер баштаган 8 жаранды атып өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою түрмөгө кескен. Ал эми полковник Чыныбек Алиевди атып өлтүргөн учурда пайдаланылган машина Алмаз Атамбаевдин “Форум” ишканасынын гаражына жашырылган жеринен милиция издеп таап алган.

2010-жылы Алмаз Атамбаев бийликке келери менен өмүр бою кесилип, абакта жаткан жан сакчысы Эркин Мамбеталиевди түрмөдөн бошотуп алган. Ал эми өлтүрүлгөн депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы Элвира Сурабалдиеваны КСДПдан депутаттык тизмеге киргизишип сооротушкан.

Абактан чыккандан кийин Эркин Мамбеталиев эч жерде расмий иштебейт. Болгону Атамбаевдин бейрасмий жеке тапшырмаларын гана аткарып жүргөн. Бирок, акыркы 9 жылда өлкөдөгү эң бай адамдардын катарына кирди. Ысык-Көлгө хансарай жана бизнес кылуу үчүн жаңы пансионат курду. Алтын кендерине жана ири жер аянттарына ээлик кылып калды.

Бүгүн, 8-октябрда бул окуя коомдук резонанс алгандан кийин ИИМ бул фактыны танып, биз Эркин Мамбеталиевдин эки джипин текшерүү үчүн эле токтотуп, кармап турабыз деп актана башташты.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: