Menu

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы ишин баштады

Бөлүшүү:

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит өз ишин баштады. Бул тууралуу ал өзү өкмөттүн алдындагы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин 8-октябрдагы жыйынында билдирди.

Робин Орд-Смит кыргыз өкмөтүнүн инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча аракеттерин колдой турганын айтып, жергиликтүү бизнес-коомчулук бизнести коргоодо жетиштүү тажрыйбага ээ экенин белгиледи. Мындан тышкары ал Улуу Британиянын жараны экенине карабастан, чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын кошумчалады.

Өз кезегинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чет өлкөлүк жаранды бизнес-акыйткачы кылып дайындоо — кыргыз экономикасына акча салууну каалаган инвесторлорго ишеним берерин белгиледи.

53 жаштагы Орд-Смит Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп 2015-жылдын июнь айынан 2019-жылдын башына чейин иштеген. Быйыл 19-июнда өкмөттүн, Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын жана беш бизнес-ассоциациянын өкүлдөрүнөн турган байкоочу кеңеш Робин Орд-Смитти бизнес-акыйкатчы кызматына шайлаган. 15-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны бул кызматка дайындоо тууралуу буйрукка кол койгон.

Бизнес-акыйкатчы институтун түзүүгө жана анын ишмердүүлүгүнө 1,5 миллион евро жумшалат. Каражатты Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкы бөлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: