Кечээ Токмоктун ОИИнин милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен бирдикте кичинекей кыздарга кол салган деп шектелген адамды колго түшүрүштү. Чүй облусунун ШИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 33 жаштагы Ч.Н. аттуу аял 7-октябрда чаламандын чак түшүндө үйүнүн жанынан 10 жаштагы А.А. аттуу кызына карата 30-35 жаштар чамасындагы мас неме төшөк кумарын кандыра тургандай кыймыл-аракеттерди кылганы жөнүндө арыз жазган.
Ошол эле күнү дагы бир арыз катталат. Анда 31 жаштагы С.М. аттуу аял түшкү маалда үйүнүн жанынан 5 жаштагы Л.В. аттуу кызына карата мас киши төшөк кумарын кандыра тургандай аракеттерди кылганы айтылат.
Токмок шаарынын милиция кызматкерлеринин бир катар иш-чаралары натыйжасында, жергиликтүү тургундар менен бирдикте Токмоктун кичирайондорунун биринен бул кылмышка шектелген 34 жаштагы Т.А. аттуу жаранды колго түшүрүшкөн. Ал дароо убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ