Menu

Бекназаровдун Атамбаевди үй камагына чыгаруу демилгесин колдойсузбу?

Бөлүшүү:

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен болгон жолугушуусунда Алмазбек Атамбаевди ТИЗОдон бошотуу тууралуу да маселе көтөрүлгөнүн билдирди.

Бекназаров Жээнбековго мурдагы президентти үй камагына коё берип, аны кайтарууга алынган “Ала-Арча” мамрезиденциясынын аймагына жайгаштырууну сунуштаган.

“Кыргыздарда эч качан өз башкаруучуларын соттошкон, камакка алышкан эмес. Биздин заманбап тарыхта начар окуя башталды. Мындан улам мен Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу сунуш киргизгем. Кантсе да ал биздин мурунку президентибиз”, – деп билдирди Бекназаров.

Мурдагы башкы прокурор кошумчалагандай, бул сунушту Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү колдошкон эмес, ал эми Жээнбеков: “анда Атамбаевди кармоо боюнча оюм да жок болчу” деп билдирген.

Президент белгилеп өткөндөй, тергөө органдары Атамбаев суракка келет деп күтүшкөн, ошондой эле Атамбаев Москвага учуп жатканда да тоскоол болушкан эмес. “Эми мен кийлигише албайм, тергөө менен сот чечишсин”, – деп жооп кайтарган “бульдозер” акеге президент.

Эгер чындап эле Атамбаев үй камагына чыгарыла турган болсо, анда бул аны сот жообунан куткарып калуунун алгачкы кадамы болуп саналат. Деги Бекназаровдун бул сунушуна сиздин оюңуз кандай, урматтуу окурман?!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: