Menu

“Манас” аэропортундагы коррупция же 100 миң сомдук ишкана кантип 5 млн. долларга сатылган?

Бөлүшүү:

“Манас” Эл аралык аэропорту тээ Акаевдин заманынан бери коррупциянын объектиси, акча кымыруунун “уюгу” болуп келгендиги эч кимге жашыруун эмес. Аэропорттун башына ким барбасын, акча жасоонун миң түркүн коррупциялык схемаларын ойлоп тапканга аракет кылып келген. Ал үчүн жалган документтерди жасашат, сатып алууларды жүргүзөт, “убактылуу” фирмаларды түзө коюшат, тендерлер аркылуу “откаттарга” отурушат ж.б.

Өткөн жумада Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулук каршы күрөшүү кызматы аэропорттун эсебинен 5 млн. доллар сыртка, оффшордук компаниялардын эсебине которулуп кеткенин маалымдаган. Баасы 100 миң сомго араң бааланган “Топливный центр” деген компанияны “Манас” ААКсы 5 млн. долларга сатып алган. Ошондо мамлекетке канча зыян келтирилип, бул коррупцияны ишке ашыргандар канча суммага туйтунуп алышканын өзүңүз оңой эле эсептеп алсаңыз болот, окурман.

Аталган коррупциялык иштин болгонуна 5 жыл болуптур. Агезде “Манас” эл аралык аэропортунун башында мурдагы ажо Атамбаевдин жакындарынын бири Албек Ибраимов турган. Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 2014-жылы “Манас” эл аралык аэропортуна “Ф.С.Л” деген компаниядан “Топливный центр” ЖАКсын сатып алуу боюнча сунуш түшөт. Аэропорттун жетекчилиги аталган сунушту кароого алышып, мамлекеттин да, аэропорттун да кызыкчылыгына караманча каршы келген чечимди кабыл алышат. Тагыраак айтканда, банкроттук абалга кептелип, ишин токтотуу алдында турган, баасы 100 миң сомдук компанияны 5 млн. долларга сатып алуу чечимин чыгарышат.

“Манастын” жетекчилиги мындай чечимди кабыл алуу үчүн кандай жолдорго барган?

“Ф.С.Л” компаниясынын башчысы, Кипр өлкөсүнүн Е.К. деген жаранынан сунуш болгондон кийин аэропорт жетекчилиги сунушту карап чыгууну “Манас” ААКнын юридика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Бегалиев менен финансы-экономикалык дирекциянын директору Жаңыл Абиковага тапшырат. Жетекчиликтен тиешелүү “буйрукту” алышкан Мирлан Бегалиев менен Жаңыл Абикова “Топливный центр” “кирешелүү ишкана, карыздары жок” деген фиктивдүү катты даярдашкан. Жалган документтин жыйынтыгы көпкө күттүргөн эмес. “Манас” ААКнын директорлор кеңеши ушуну эле күтүп тургандай саналуу күндөрдөн кийин, тагыраагы, 2014-жылдын 25-декабрында шашылыш жыйын өткөрүп, анда “Топливный центр” ЖАКны сатып алууга макулдук берген. Ал эми анын эртеси күнү аэропорттун жетекчилиги банкроттук абалдагы ишкананы 5 млн. долларга сатып алуу боюнча чечимин чыгарган.

Бул иште мамлекет менен аэропорттун кызыкчылыгы уруп да ойнолбогонун, эң ириде коррупцияны ишке ашырып жаткандар капчыктарын, алкымдарын ойлошконун ушундан билели, сатып алуу чечими чыккан күнү эле тараптар Келишим түзүшүп, эки күндөн кийин аэропортгун эсебинен 5 млн. доллар Кыргызстандын сыртындагы эки оффшордук компаниянын эсебине которулган. Тергөөнүн жүрүшүндө которулган акчаны Б.А.Т. аттуу жаран алганы маалым болуп олтурат.

Акчадан кимдер “доля” алышкан?

Албетте, аэропорттун эсебинен которулган ири сумма кимдин, же кимдердин капчыгын кампайтканын тергөөнүн жыйынтыгы аныктайт. Ошентсе да айрым божомолдорду жүргүзүүгө мүмкүн болуп туру. Дегенибиз, “Манас” эл аралык аэропортунун аймагында АКШнын авиа базасындагы учактарды күйүүчү майлар менен камсыздап турган комплекс иштеп келген. Бул комплекс бир канча жыл иштеди. 2014-жылы америкалыктардын авиабазасы ишин токтоткондон кийин баш айланткан кирешелерди берип турган комплекстин иши да токтогону белгилүү. Авиабазада учактарга күйүүчү майларды сатып турган ири бизнеске кезинде Акаевдин жакындары (уулу, күйөө баласы ж.б.) ээлик кылып турган. Акаев өлкөдөн качууга аргасыз болгондон кийин комплекс кандайдыр бир жолдор менен Өмүрбек Бабановдун колуна өткөн. Бирок тонналап күйүүчү майларды алып турган америкалыктар кеткенден кийин комплекстин иши мурдагыдай жүрмөк эмес. Ошондон улам комплекстин карыздарынын өлчөмү активдеринен ашып түшүп, фирманын рыноктук баасы 100 миң сомго араң бааланган. Көрүнүп тургандай, кезинде кожоюндарына жүз миллиондогон долларлык кирешелерди берип келип, бирок акырында аталышы эле калган ишкананы саналуу эргулдар кылмыштуу сүйлөшүүлөр аркылуу пулдашып, ири акча жасоого жетишишкен.

Ушул жерден которулган 5 млн. долларды алган делинип жаткан Б.А.Т. дегендин аббревиатурасы көңүлдү бурбай койбойт. Эгерде комплекстин акыркы кожоюну Өмүрбек Бабанов болгонун эске ала турган болсок, Б.А.Т. саясатчынын бир тууган карындашы Бабанова Ая Токтогуловна болушу мүмкүн дегенге толук негиз бар. Ошондо бул кылмыштуу ишти ишке ашыргандардын бир тарабында Өмүрбек мырза турганбы?

Ошол эле мезгилде Б.А.Т. аттуу жаран 5 млн. доллардын баарын өзү алган дегенге да болбойт. Анткени, комплекстин банкроттук абалынан жакшы кабардар болушкан аэропорттун жетекчилиги иш жүзүндө жок компанияны сатып алышып, ага 5 млн. долларды которуп берип коюшмак эмес. Өздөрүнүн кызыкчылыктары чоң болгондуктан, сатып алуу Келишими чагылгандай тездикте түзүлүп, ишке ашырылып атпайбы. Карап көрсөк, ошол маалда “Манас” ААКнын башында Албек Ибраимов турса, башкармалыктын курамында Абдымалик Бусурманкулов, Эмир Чукуев, Даир Токобаев, Илим Карыпбековдор турган экен.

Анда кандай болот? Кымырылган 5 млн. доллардан жогорудагылар да өз “доляларын” алышып, ооз бастырык кылышкан болуп калабы?

Кандай болгон күндө да күнөөлүүлөрдү тергөө аныктасын. Учурда аэропорттун юридика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Бегалиев камакка алынды. Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери тыкыр жүргүзүлүп жатканын, кылмышка тиешеси барлардын баары жоопкерчиликке тартыла турганын маалымдады.

Не дейбиз, “чабактар тутулуп, киттер кутулду” дегендей, аткаруучулар гана камалып тим болбостон, кылмыштын башында тургандар да мыйзам чегинде жазаларын алышы абзел.

Сүрөттө (катары менен): Кылмыштуу келишимдин башында ушулар турушу мүмкүн:

Албек Ибраимов, Өмүрбек Бабанов, Эмир Чукуев, Илим Карыпбеков.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: