«2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргызстан тарабынан ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун ЖКтин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, Токой чарба агенттиги келишим боюнча комиттетте маалымат берип, аталган келишимдин негизинде Кыргызстанга акчалай жана техникалык жардам берилээрин айткан. Тагырагы, Париж келишими ратификацияланса, анын алкагында Кыргызстанга 9 млн 600 доллар бөлүнөт. Анын 8 млн доллары Баткен, Нарын облустарын сугат суу жана алтернативдүү энергия булагы менен камсыз кылууга жумшалат, калган каражатка абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн автоматташтырылган жабдуу алынат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ