Menu

Айылчы Сарыбаев, профессор: “Парламенттик башкарууну жогору жак дагы, ылдый жак жана өзүбүз да ашмалтайын чыгардык…”

Бөлүшүү:

-Айылчы агай, парламенттик шайлоо жакындап калды. Кыргызстанда парламенттик башкаруу өзүн-өзү актадыбы? Кийинки шайлоону партиялык система менен өткөрсөк туура эле болобу?

– Мен парламенттик башкаруу болсо дегендердин бири болчумун. Себеби, партия жазылган программасына жараша иштесе деп партиялык системаны колдогондордун арасында болуп, бир мандаттуу шайлоого каршы чыккам. Азыр эки анжы ойдо болуп калдым. Жарымын бир мандаттуу, жарымын партиялык система менен шайлана турган кылыш керекпи деп ойлонуп калдым. Анткени, партия дегенди түшүнбөй, партия лидерлери базарга айлантып жиберди. Партияга кириш үчүн сөзсүз акча төлөшөт. Бирок, ал акчалар кайда кетип жатат деген суроо ачык бойдон калып жатат. Анткени, ал каражаттар партиянын ишмердүүлүгүнө кетеби же жокпу, бул абдан чоң суроо. Бирок, парламенттик өлкөбүз дегенибиз менен Конституциядагы пункттардын бирөө дагы аткарылган жок. Демек, бул жагын эске алсак, мыйзамсыз өлкөдө жашап жаткандайбыз.

– Парламенттик башкаруунун ашмалтайын партия лидерлери базарга айлантып чыгардыбы же жогору жак өздөрү каалагандай колдонуп, Конституциянын талаптарын эстен чыгарып жатабы?

– Парламенттик башкарууну лидерлер да, жогору жак дагы, ылдый жак жана өзүбүз да ашмалтайын чыгардык. Парламенттик шайлоодо өзүмдүн айылыма бир партияга добуш берейин деп барсам, 28 партиянын мүчөлөрү барып алыптыр. Эл 28ге бөлүнүптүр. “Эмнеге мындай жагдай орун алды?”- деп сурасам, ал анын, бул мунун тууганы экен. Бул баланчанын таекеси экен, тигил акча берди, бул акча бербей койду дешти. Жыйынтыгында, акчасы барын шайлап, акчасы жогуна добуш бербей коюшту. Акыйкат, адилеттүүлүк артта калды. Ушундан улам элдин психологиясы өзгөрүп, элдин турмушка болгон көз карашы тыйын менен өлчөнүп калыптыр деген ойго кептелдим. Азыр ар жак, бер жакка өкмөт же президент барып келсе, “менин үлүшүм кана?”- дешет. Ошондой эле карызга акча берсе, аны кечет бекен дешет. Кечпесе “акмак өлкө турбайбы: жерибизди, тообузду алып алат турбайбы” деген жапайы түшүнүктөн өйдө боло албай калдык. Журналисттер да “эмне пайда таптык?”- деп базардагы соодагерлердин сөзү менен сүйлөп калышты. Чынында пайда таптык эмес, ошол долбоорду ишке ашыра алабызбы же ишибиз оңолобу дешпейт.

– Коалицияга кирген партипяар өкмөттүн да кадырын кетирип, жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекетти да артка тартып жатышкан жокпу?

– Коалиция деген өтө маанилүү түшүнүк. Бизде болсо андай эмес. Коалицияны кызмат деп түшүнүшөт. Коалициягакирген партиялар бизге баланча министрликти берсе, кошулалы, аны бербесе, баламды кызматка койбосо кошулбай коёлу”- деп турушат. Бир партияга өкмөт башчы жакпай калса эле “өкмөттү кетире салалы” деп коалициядан чыга качышат. Кыскасы, коалицияга кириш, чыгыштын өзү оюнчукка айланып калды.

– Парламенттик шайлоодогу тоскоолду 5 пайыздан 9 пайызга көтөрүштү. Эми партиялар адискөйлөргө эмес, капчыктууларга басым кылып калбайбы?

– Барьердин жогорулаганын көрүп, эл партиялардан акча күтүп калышты. Мурунку шайлоодо беш жүз сомго шайласам, эми беш миң сомго шайлайын деген түшүнүккө өтүп башташты. Партиялар чын эле программа менен иш кылышса, курамы күчтүү болсо, мамлекетчил инсандарды арасында басымдуулук кылса аз болсо да алдыга жылуу болот эле. Эгер жалаң байларды шайлайбыз дешсе, анда капчыктууларга басым жасалары бышык. Шайлоого аттанган көп партиядан 3-4 партия утуп келет. Бирок тилекке каршы, утуп келе турган партиялардын ичинде билимдүү акылдуулар эмес, акылдуу бирок жеке кызыкчылыгын жогору койгондор келип жатат.

– Баса, өкмөт башчынын ишине ичи чыкпагандар көп. Өкмөт башчы иштей албай чабалдык кылып жатабы?

– Кыргызда “жалгыз дарак бак болбойт” деген жакшы сөз бар. Президент менен премьер “минтели, антели” деп эле жан талашып жатышат. Бирок, аппараттары, иштей турган министрлери начар. Депутаттар коалиция деген шылтоо менен ишти алып кете турган адамды эмес, өз партиялаштарын министр кыла коюшуп, ошол эле министрлерди эртеси күнү “иштебей жатасыңар!” деп согуп жатышат. Анан кантип өкмөт жакшы деп айта алабыз. Албетте, начар. Ал турсун алардын катарында жогорку билими өкмөттө иштегенге туура келеби жокпу деп ойлондурган адамдар бар. Ошон үчүн өкмөттүн иши бизди канааттандырбайт.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: