Menu

Тойдогу фото: Чындыгына келгенде баары эле бир банда, бир топ…

Бөлүшүү:

-Кыргызстанда аш-тойлор да саясаттышып, салтанаттуу аянтчага айлана баштадыбы же келишкис эки жээктеги саясатчылардын бир столдо отурганы эки жүздүүлүкпү?

Жолдошбек Бусурманкулов, акын, журналист, полковник: “Саясатчылардын эки жээкте жүрсө да бир столдо отурганынан саясат издебешибиз керек”

-Мен эки жээкте жүрсө да, тойдо бир столдо отурган саясатчыларды сындагандан алысмын. Анткени, тойго барган саясатчылар үчүн эмес, той ээси үчүн барасың. Ошондуктан, талкууга түшкөн саясатчылар бирөөнүн кубанычынан өзүнүн саясий амбициясын жогору койбой, эки жээкте жүрсө да бир столдо отурганынан сындап, саясат издебешибиз керек. Принцип демиш болуп, той ээсине саясий амбициясын көрсөтүп, “ал барса мен барбайм” деп тойго барбай койсо, адамгерчилик болбой калмак. Ошондуктан тойдо каршылаштар бир столго отурганын туура түшүнүү менен кабыл алышыбыз шарт. Кыргызда “чыдаган киши той берет”- деген сөз бар. Тойго барып бата бергенге же уул-келинине той берип бата алып бергенге не жетсин.

Каныбек Сарымсаков, Саз айылдык кеңешинин төрагасы: “Саясатта негизинен бир же эки жүздүү деген болбойт”

– Менин оюмча, алмайдын-бермейи бар саясаты дейбизби же салт маданияты дейбизби, кимди чакырганы бул ар бир той-аш өткөргөн адамдын өз иши. Бөлөгү ошол той-ашка эмне үчүн чакырган, батагабы же жумурткадан кыр жаратуугабы, бул башка маселе. Саясатта негизинен бир же эки жүздүү деген болбойт. Анткени саясатта кызыкчылык гана болот. Ошондуктан ким менен, кайсыл столго той ээси отургузган болсо, ошол орунда той ээсин сыйлап кала берүү керек го. Чынында акыркы жылдары тойдун негизги максатын унутуп калгандайбыз. Тойбу же ашпы негизги максаты бул бата алуу!

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат, профессор: “…түбөлүк кызыкчылык гана болот”

– Кыргыздардын аш-тойлору өзүнө көп максаттарды камтыган, кылымдар бою синтезделип калыптанган иш-чаралар болуп эсептелет. Тойдун уюштурулушунда эле ага катыша турган адамдардын коомдогу орду, аброю белгиленип, ошого жараша каада күтүлөт. Демек илгертен эле бул түшүнүктөр саясат менен бекем байланышкан. Чынында баардык Батыш-Чыгыш өлкөлөрүндө деле ушундай. Бул феномен жөнүндө классик-жазуучулардан баштап азыркыларына чейин кандай гана чыгармаларды жазып келишти. Кыргыз эли деле ушул салтты карманат. Аш-тойдун шылтоосу менен бир топ маселелерди чечип алат, карындаш-урук деген түшүнүктүн керектүү баалуулуктарын жаңылайт, бекемдейт дегендей. Шайлоонун алдында аш-тойдун кадыры артып, аны өз максаттарына пайдалануу чакырган тарапка дагы, чакырылгандарга дагы керек! Болгону ушул. Мындан мен эч кандай деле трагедияны көрбөй турам. Бул салт. Анан эмне бирөөнүн тоюна барып алышып эки-экиден жакалашып жүрүшмөк беле? Анын үстүнө саясатчылардын арасында өксүк феномени дагы күчөп турган мезгил. Бирөөсү соттошуп жатат, кээ бирлери тергөөдө, үчүнчүлөрү сыртта качып жүрөт дегендей. Алдыдагы парламенттик шайлоону расмий бийлик толугу менен контролдоп алууга үлгүрдү. Кептин баары ушунда. Ошондуктан мындай көрүнүштөр эки адамдын башы бириккен эле жерде боло турган маселе. Адам өзүнүн табияты боюнча эле саясатчы болуп төрөлөт. Бул сөздү убагында Аристотель кашкайта эле ачык айткан. «Мен саясаттан алысмын» – деген келжирек сөздү анык эки жүздүү адамдар айтышат. Анын үстүнө келишкис душмандар деген саясатта эч качан болгон эмес жана болбойт дагы. Черчиль айтмакчы, “түбөлүк кызыкчылык гана болот”

Жолдошбек Токоев, журналист: “Кыргыздын салты менен наркына доо кетирип жатышат”

– Ооба тойлор да саясатташып кетти. Той тигил же бул адамдын жакшылыгына арналып берилет. Той берген адамга ниети, пейли жакшы адамдар чакырылат. Адатта туугандар, куда-сөөктөр, таяке, жээндер, жакшы кошуналар чакырылат. Мындай жакындыгы бар адамдардын албетте ниеттери, пейилдери жакшы болгон үчүн барышат. Азыр той саясатташып, акчасына карап чакырылып калышы опсуз адатка айланды. Той берген бийлик адамы тойду ушундай жаман адаткка айлантты. Бул жакшы көрүнүш эмес. Мисалы үйлөнүү тою болду дейли, чакырылган адамдын ниети жаман болсо жаштарга кантип чын дилден жакшы тилек айтат ? Бул абсурд! Той ээси душмандашып жүргөн адамдарды чакырып өзү да, чакырылгандарды да ыңгайсыз абалга калтырып жатпайбы. Ошолордун тамагынан жеген ашы кантип өтөт? Албетте той берген адам эки жүздүүлүк кылбай, оболу чакырылгандардан чын дилден бата алганга көңүл бөлүшү керек. Ошентип той берген бийлик адамы же бизнесендер саясатка, кошумча акчага көңүл бөлүшүп кыргыздын салты менен наркына доо кетирип жатышат.

Гүлжигит Исаков, коомдук ишмер: “Позициясы бар саясатчы той-аштарда дагы позициясынан тайбайт”

– Эки жүздүү саясатчылар мурда эмне дегендерин унутуп, позицияларынан тайып, кырдаалга жараша гана иш кылып калышты. Позициясы бар саясатчы той-аштарда дагы позициясынан тайбайт. “Эптеп эле элдин көзүнө көрүнүп калайын” деген аракет калган-каткан позицияларды дагы “жууп кетүүдө”. Черчиллдин «келесоо саясатчы гана позициясын өзгөртпөйт» деген сөзүн биздин саясатчылар туура эмес түшүнүп алышкан го? Ал «өлкөмдүн кызыкчылыгы үчүн» деп баса белгилеген, а биздикилер болсо жеке кызыкчылык үчүн… Айырма ушунда!

Самсаалы Четинбаев, коомдук ишмер: “Элдин добушун алыш үчүн эле бөлүнүмүш болот, чындыгына келгенде баары эле бир банда, бир топ”

– Бизде, кыргыздарда, баары саясатташкан. Баары, баары. Төрөлгөндөн өлгөнүнө чейин саясат кылып жашаган элбиз биз. “Эл эмне дейт?” – деген түшүнүк ошондон калган. Бул эми биздин улуттук өзгөчөлүгүбүз окшойт. Баарысы эле билгизип-билгизбей каадаланганды (пантовать эткенди), жакшы көрүшөт. Эми бул биздин улуттук аң-сезимибиздин күзгүсү. Анан баарыбыз ошондой болуп атсак, саясатчыларыбыз андайдан куру калмак беле? Ал эми саясатчыларыбызды айта турган болсок, булар элдин добушун алыш үчүн эле бөлүнүмүш болот, чындыгына келгенде баары эле бир банда, бир топ. Койдун терисин жамынгандар.

Абдрахман Маматалиев, экс-депутат: “Саясаттын курмандыгы болбош керек”

– Кээде ушундай көрүнүштөр чын эле ары жок эле эл окшойбуз деген ойлорду пайда кылат… Бирок, бирөөлөр жазып жатышпайбы, алар маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөтүп жатышат деп… Кандай болгон күндө да улутубуздун ар-намыска, нарктуулук, барктуулукка байланыштуу баалуулуктары саясаттын курмандыгы болбош керек деп ойлойм.

Нарис Калчаев, активист: “Саясат эмес, эми өздөрү дагы сасып бүтүштү”

– Саясатты саясатташкандарга айла жок! Саясат эмес, эми өздөрү дагы сасып бүтүштү го.

Мурун жашырынып көмүскөдө келишсе, эми ачык эле жүздөрүн көргөзүшүүдө. Бирок карапайым эл дагы деле болсо ушулардын жүздөрүн көрүшсө деле үмүт артып отурганы өкүндүрөт. Саясатты каалагандай багытка бура алабыз дегендей эле сезилип жатат. Карапайым эл тандоону туура багыттап, саясатта 30 жылдан бери келе жаткандарды иргеп албаса дагы деле ушундай көрүнүш кайталана берет.

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: “Принциби жок, коррупционер, эки жүздүү адамдар менен сүйлөшө албайм”

– Илгери ата-баларыбыз аш-тойдо чогулуп, ийри отуруп, түз кеңешчү экен. Көп маселелерди ошондо чечишчү дейт. Менимче дасторкондун үстүндө, тойдо кээ бир саясий маселелерин чечип жаткандыр. Бирок мен принциби жок, коррупционер, эки жүздүү адамдар менен антип сүйлөшө албайм. Бул менин жаман адатым болуш керек.

     

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: