Menu

Жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулду азайтууну талкуулодо 28 гана депутат калды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-октябрда ЖК депутаттары Кодекстеги “Бузуулар жөнүндө” жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн коюлган айып пулду төмөндөтүүгө тишелүү мыйзамга өзгөртүү талкуулап жатышат.Эртең менен 104 парламентарий катталган.

Мыйзам долбоорго түзөөтүү киргизүүнүн демилгечиси жана автору “Бир бол” фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов.

Долбоорго ылайык кээ бир эреже бузууларга өзгөртүү киргизүү сунушталган:

жол боюндагы белгилердин талаптарын аткарбоо;

токтотуу эрежесин бузуу;

жолдо транспорт карадаттарынын аралыгын сактабоо, автомагистралдар боюнча жол эрежесин бузуу;

жол белгиси коюлса да, жол жарыктар тыюу салганына же регулировщиктин белиглерин карабай, токтоткон-сызыктын алдында токтобогону тууралуу жол кыймылынын эреже талаптарын аткарбоо;

башка унааны ашып өтүү же келе жаткан каршы жолго чыгып кетүү.

Ал үчүн 100 айып төлөө сунушталууда. Азыр бул эрежелерди бузгандыгы үчүн 3 миң сом тайып салынат.

Жол кыймылы боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Исраиловдун айтымында, “Коопсуз шаар” боюнча жол эрежелерин бузгандардын ичинен 57%ы айыптарды төлөбөй келишет.

Ал эми депутаттардын ЖК жыйындарына катышуу маселеси коомчулукта көп эле айтылып келет. Депутаттар болсо иш бөлмөсүндө иштеп жатышканын же иш-чарада жүргөнүн айтып кутулуп кетип жүрүшөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: