Menu

Бишкекте мусулмандардын нике агенттиги ачылды

Бөлүшүү:

“Шарият менен үйлөнгөнгө жардам беребиз” деген ураан менен ачылган нике агентин “Нусра” аттуу жуучу уюмундагы аял-күйөөсү ачты. Алардын айтымында, кеңсесине барып, же онлайн түрүндө анкета толтуруп, тийиштүү төлөмүн төлөйсүз. Баасы жеке сүйлөшүлөт. Тааныштыруудан тышкары, алар үй-бүлөлүк маселелер боюнча курстарды да сунуш кылышат.

“Ачылганыбызга аз эле мезгил өткөнү менен, кайрылгандар оголе көп. Эркектер менен күйөөм, кыздар менен мен сүйлөшөм. Баалар ар кандай, кыз-келиндер үчүн да, эркектер үчүн да башка. Бирок кээде аны да төлөй албагандар кездешип калат, ошондо биз арзан кылабыз же акысыз жардам беребиз. Биздин максатыбыз – мусулмандарга иман (ишеним) түгөйүн тапканга көмөк көрсөтүү, пайгамбарыбыз Мухаммаддын (САВ) сүннөтүн сактоого жардам берүү, кубаныч-кайгысын тең бөлүшүп, кеп-кеңешибизди айтып, эриш-аркак жашоого үндөө болуп саналат. Шариятты сактоо менен түгөйүн табууга жардам бергенден тышкары, үй-бүлөлүк бакыбат жашоо үчүн семинарлар менен тренингдерди өткөрүп турабыз”, – дейт агенттиктин негиздөөчүсү Амаль Миранова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: