Menu

Кулматов менен Ибраимовдун сотуна күбөлөр келбей койду. Эмнеге?

Бөлүшүү:

Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер К.Кулматов менен А.Ибраимовдун иштери боюнча кезектеги сот отуруму болмок. Бирок, ал жылып калды. Себеби, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жөнүндө айтып берчү күбөлөр келбей койгондуктан, сот 14-октябрга белгиленди.

Бүгүнкү сот отурумуна ТВЕА компаниясынын өкүлү Мусажан Макелекти келмек. Аны сот отурумуна мажбурлап алып келүү тууралуу  чечимин  сот( 7-октябрда) чыгарган.

Эскерте кетсек,  УКМКнын тергөө абагында отурган Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти куруудагы 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деп айыпталууда, ал эми Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда  152 миллион сом мамлекетке зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлуда. Бирок, экөө тең бул айыпты четке кагып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: