Menu

“Элитный мусорлордон” арылуу мезгили келди…

Бөлүшүү:

Кыргызстан 30 жылдан бери бир ууч саясатчылардын интригаларынан жана алардын элди оюнчук кылып ойногон жоруктарынан арыла албай келет. Карапайым эл канча жолу алардын чыныгы жүзүн көрсө дагы, кайра ишенип жүрөт.

Мына, кечээ жакындагы Руслан Казакбаевдин тою булардын жүзүн дагы бир жолу көрсөтүп ачып берди. Ал тойго чогулган саясатчылардын жүзүнөн кийин эл дагы жыйынтык чыгаруусу керек.

Өмүрбек Бабановду кызматтан алыш үчүн парламенттен асылып, анын белекке алган аргымагын “пара катары алды”- деп кыйкырып, эки Өмүрбек бири-бирин шыбап, ыплас компроматтар аркылуу чабышкан болушчу. Өмүрбек Текебаев эң жакын адамы Болот Шерди күүлөп, Бабановго ок дагы жөнөткөн. Эми ушул адамдар бир тойдо кучакташып, сүрөткө түшүп жүрүшөт. Бул кечиримдүүлүкпү же эки жүздүүлүкпү? Албетте эки жүздүүлөр!

Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Текебаевди мародерликке жана алдамчылыкка күнөөлөп каматтырган. Эгемендик күнүндө “Кыргыз эли Текени ээрчигидей кой эмес”- деп абдан катуу жемелеген. Текебаев дагы Атамбаевди оор кылмыштарга, мамлекетти талап-тоноого, Оштогу кандуу каргашалуу жаңжалга тийешеси бар экенин айткан. Эми эч нерсе болбогондой тойдо Раиса Атамбаева жана Кадыр Атамбаев менен жанаша отуруп, сүрөткө түшүп жатышат. Бул эмне, кечиримдүүлүкпү? Эки жүздүүлүк. Эл алдында мышык-чычкан театр коюп, элдин тагдыры менен ойноп, элди экиге бөлүп-жарып, максаттарына жеткенден кийин кайра чогуу тойлогон принциптин жоктугу. Санта-Барбара!

Тойго кимдер гана барган жок, оозго алынып, кыргыз саясатында бири-бирин сындап айыпташкандын бары чогулду. Мадумаров жактырбай “билимсиздер, түркөйлөр”- деп сындаган депутаттар отурду. “Аларды көрөйүн деген көзүм жок, чогуу отуруудан жүрөгүм айланат” – деген Мадумаров тойдун аягына чейин кыймылдабай эле отурду. Козголгон жок, жүрөгү айланып кусканын дагы байкабадык.

Тойдо Раиса Атамбаева, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаровдор менен чогуу эле белгилүү “Райым миллион” дагы отурду. Баса, Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева жана Өмүрбек Бабанов Райым миллион жөнүндө катуу сындарды айтышчу, эмнеге тойдо чогуу отурушту? Булар элди алаксытып чукулашканы менен, тамыры бир, чогуу тойлогон келемиштер тура!

Баарынан кызыгы кечээ эле бирге отуруп бир табактан тамак жеп келип алып, Азимбек Бекназаров “Бульдозер” эртеси күнү эле маалымат жыйын куруп, ушакчы катындай тойдун оош кыйышын айтып жатып калды. “Биз аттуу баштуу саясатчылар Казакбаевдин тоюна бардык, всем было хорошо!”- деп мактана да кетти. Бул киши да булудуруктап, сырттан эле ар кайсыл саясатчыга асылганы менен беттеше келгенде алардын алдынан кыя өтпөй, жагалданып жатып калат тура… Тараза ташы ким жакка оосо, ошонун “көчүгүн жалаганга даяр турайын” дегени го…

Чыныгы жүзүн эми билип алдыңар, эми ушулардын таламын талашып, эки жаат болуп бөлүнүп кызыл чеке болуунун мындан ары кажети барбы? Эл жыйынтык чыгаруусу абзел. Мамлекет так ушул тойго келген үйүрлүү бөрүлөр, 30 жылдан бери элдин тагдыры менен ойногон саясатчы актерлордон арылышы учурдун талабы. Буларда принцип жок, кызыкчылык гана бар. Мамлекетти тоноп бүтүп, өз ара тытышымыш болгон эки жүздүү амалдуулар. Коом элдин тагдыры менен ойногон ушул саясатчылардан, эки жүздүүлөрдөн тазаланмайын өнүкпөйт.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: