Чүй ОИИББдан билдиргенине караганда, Сокулук районунда киши колдуу болгон адамдын денеси табылган. Алардын айтымында, бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүлөр кармалган.
Шектелип жаткандардын өздүгү такталган. Алар буга чейин соттолуп чыккан 27 жана 30 жаштагы Чүй облусунун тургундары, 3 жаран буга чейин түзөтүү мекемесинде чогуу жаза өтөшкөн. Алар 3-октябрда чогулуп, арак ичишип, ортодо чын чыгып, мушташкан. Жыйынтыгында, бирөө каза болгон. Киши колдуу болгон адамдын да өздүгү такталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ