Menu

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк негизинде 20 мектеп куруу пландалууда

Бөлүшүү:

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков IFC эларалык каржылык корпорациясынын өкүлдөрү Петью Николов, Салтанат Алымкулова жана Нассер Масоудду кабыл алды. Бул тууралуу ББИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, жолугушууда тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде “Мектептерди куруу жана реконструкциялоо” долбоорунун алкагында жүрүп жаткан жумуштарды талкуулашты.

Долбоордун негизинде,  Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында 20 жаңы мектеп куруу пландалган. Азыркы учурда эки шаардын бийлиги билим берүү мекемесин куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берген. Жакынкы алты айда IFC эксперттери мектеп курулуучу ар бир тилкенин жайгашуу ордун, техникалык-экономикалык негиздемесин эске алуу менен мектептердин курулушуна кетчү каражатты аныктап чыгышы керек.

Долбоордун ишке ашуусуна кеткен каражатты IFC эларалык каржылык корпорациясы берет. Техникалык жана башка талаптардын негизинде мектепти салып, пайдаланууга берүүгө милдеттүү.

Билим берүү жана илим министри бул долбоорду колдоорун жана жумушту тездетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

IFC – Бүткүл дүйнөлүк банктын бир бөлүгү. Уюм мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдойт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: