Menu

Айзада Жамгырчиева, тележылдыз: “Үйдө ким кожоюн? Албетте, эркек да!”

Бөлүшүү:

“Жаңы кыргыздар” юмордук скетч-шоусундагы МАИ кызды, “Не жаңылык?” юмордук теледолбоорундагы алып баруучу кызды баарыбыз эле таанысак керек. Мына ошол шайыр-шаңдуу журналист, алып баруучу, тамада, актриса, айтор, ар тараптуу өнөр ээси Айзада Жамгырчиева кызыктуу маек куруп берди.

– Саламатсызбы? Акыркы жаңылыктарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз…

– Азыркы учурда КТРКнын “Музыка” телеканалында алып баруучу жана музыкалык редактор кызматтарын аркалап жүрөм. Каналдагы “Элдик хит”, “Музыкалык фристайл” жана “Топ хит” программаларын алып барам. Андан тышкары, мамлекеттик иш-чараларды, концерт-кечелерди алып барабыз. Айтор, элдин кызматында жүрөбүз эркелеп.

– Нөшөрлөгөн жамгырды жан дүйнөңүз кандай кабыл алат?

– Негизи, Жамгырчиева жамгырды аябай жакшы көрөт. Эртең менен терезени ачканда эле сыртта жамгыр жаап жатса, жумушка болгон каалоом азайып, үйдө эле жылуу-жумшак жаткым келет. Чыгармачыл адам болгондон кийин жан дүйнөң да сырттагы аба ырайына байланыштуу болуп калат экен. Күн чыгып турса, маанайың көтөрүлүп, Күндөй жайнайсың. Жамгыр жааса, жүрөгүң кошо ыйлап, романтикага бөлөнөсүң, кар жааса, үшүйсүң, жазында гүлдөй ачыласың. Демек, чыгармачыл инсандар төрт мезгилди тең жүрөгүнөн өткөрүшөт.

– Эч нерседен коркпогон адамдай сезилесиз…

– Тескерисинче, коркокмун. Мисалы, жылан сыяктуу жандыктарды кармай албайм. Сууда сүзгөндөн корком. Жүрөгүм токтоп калчудай сезилет.

– Өзүңүзгө жаккан, анан жакпаган сапаттарыңызды айтып берсеңиз?..

– Өзүмө жаккан сапатым, таарынсам, тез эле жазылып кетем, анан адамдын көңүлүнө карап, мамиле жасайм. Ал эми жаман сапатым, бир адамдан көңүлүм калса, экинчи жолу кол сунбайм, достошуп, сүйлөшө албайм.

– Дос жана душман. Кайсыл тараптын ташы оор болот?

– Жаныңда достун сүрөтүн тартып жүргөн көралбаска караганда, алыста кемчилигиңди бетиңе айткан душманың жакшы го?.. Анткени, алардан көбүрөөк таасир алабыз.

– Чыгармачылык чөйрөгө аралашпаганда кайсыл кесиптин ээси болмоксуз?

– Спортчу болмокмун. Күрөш жагын тандамакмын. (Күлүп) Айсулуу Тыныбековага жетпесем да, кулактар сынмак. Бирок, азыркы учурда машыгуу залына барып калсам, апам: “Барба, жанагы сүрөт, видеолоруңду киргизбе” – деп тыйып келет.

– Тамадалык өнөрүңүздү көрүп калабыз. Кыз кишинин той алпарганын эл кандай кабыл алат?

– Негизи, тойду кыз кишиге башкартканды кыргыз эли башкача кабыл алат. Ишенишпейт, “Ушул кичинекей кызбы? Жамгырчиева тойду алып барабы?”- деген сыяктуу кептерди көп эле угам. Өткөндө эле бир тойго барып, гримдөөчү бөлмөдө олтурсам, бир эже: “Ай, жанагы кыз алып барабы? И-и, кантип алып барат, ыя? Жамгырчиева дегениңер ушулбу? Мындай эле неме турбайбы?”- деп мени байкабай чыгып кетти. Мандайымда олтурган эже мени караган боюнча жаман абалда калып калды. Негизи, кыз кишинин тойго аралашуусу – аябай кыйын. Үйдө ким кожоюн? Албетте, эркек да. Ошон үчүн өөн учурайт.

– Бул өңдүу сын-пикирлерди кантип жеңесиз?

– Ошондо аябай ыйлагым келди. Жанымда жүргөн курбу кызыма айтсам, ал: “Ой, Айзада, сен күчтүү кызсың да, эмне эле болуп атасың?”- деди. Анан кайра чыйрала түштүм. Ичимен, “Сен, Айзада, кыласың! Колуңдан келет”- деген чакырык чыкканда, бардык терс ойлорду унутам да, бет алган ишиме киришип кетем.

– Жеке жашооңуз кантип атат?

Жүрөгүмдү ээлеген бирөө бар. Аты-жөнүн азырынча ачыкка чыгарбай турайын.

– Эл билбеген кандай талантыңыз бар?

– Кичинекей кезимден эле апам тамак жасаганды абдан мыкты үйрөткөн. Жеген адамдар тамшанып калышат. Турмуш кургандан кийин жолдошум аябай семирип кетсе керек (күлүп).

– Күндүн кайсы бөлүгү жагат?

– Түндү жакшы көрөм. Түнкүсүн иштөөгө болгон каалоо жогорулайт. Аябай көп идея келет. Жакын дос, курбуларыма “24 саат бою түн боло берсе, анда мен роботтой иштейт болчумун”,- деп калам. Күндүз бири-бирин көрө албай, сындагандар көп. Ошондуктан, түн жан дүйнөмө жакын. Дагы айта кетчү жагдай, өнөр адамдары 3 маал тамактанган сыяктуу эле жан дүйнөсүн ар убак жакшы сөз, алкоо, баталар менен азыктандырып туруусу кажет деп ойлойм.

– Бала кездеги кыялыңыздын канча пайызы аткарылды жана аткарылып жатат?

– Кудайга шүгүр, “Жаштын тилегин берет” деп, бекеринен айтылбаптыр. Кичине кезимде эле: “Мен телевидениеге чыгам, ырдайм, мени гезиттен окуйсуңар”,- деп көп айтчу экем. Алып баруучулукка анча кызыккан эмесмин. Азыр ошол кыялдар орундалып жатат. “Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында деген ушул турбайбы?” деп коём. Мындан улам балага кичинесинен максатты туура койгонду, жакшы ойлорду ойлонгонду үйрөтүш керек экендигине ынандым. Анткени, ушул кесипти тандап калышыма апамдын салымы зор болду. “Менин кызым кылат, билет”, – деп түртмөлөп жүрүп, ушундай даражага жеткирди.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: