Menu

Николай Грамович, «Дизель комплект» компаниясынын башкы директору: «Целлофан баштыкка таңгактап, кара сумкага акча салып Илмияновго бергенбиз»

Бөлүшүү:

Президенттик аппараттын башчысынын мурунку орун басары Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш иш боюнча сот отуруму бүгүн, 9-октябрда улантылды.

Сот отурума жабырлануучу — Белорусь Республикасынын жараны Николай Грамович келбегени менен ал тартылып, сүйлһгһн видео материал көрсөтүлдү. Анда ал: “Мени 2017-жылы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына (Финполго) жүккө байланыштуу чакырышты. Андан кийин Салык кызматынын өкүлдөрү менен жолугуштук . Айтор, иш аябай эле созулуп кетти. Анан процессти тездетүү үчүн компетенттүү адамдарды издеп баштап, акыры таптык, андагы президенттин айдоочусу аркылуу (айдоочу Илмиянов экенин кийин Интернеттен билдик) ишти жаптык. Ага биз целлофан баштыкка таңгактап, кара сумкага салып акча бергенбиз. Акча берип жатканда мен жана Чымырбаева бар болчу”,-деген.

Эскерте кетсек, 2017-жылы февралда, «Дизель комплект» компаниясына карата салыктагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголуп, «БелАЗ» үлгүсүндөгү 12 машина камакка алынган. Машина Өзбекстанга жөнөтүлүшү керек болгон, анан аларды камактан чыгаруу үчүн компаниянын башкы директору Грамович тааныш издеп, Илмияновду таап, ага беришкенин жогоруда айтып өттү. Аталган компания Илмияновдун ири суммада акча алганы тууралуу былтыр октябрда УКМКга арыз жазган. 2018-жылдын 20-октябрында Илмиянов Орусиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келинип, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ага «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып, суралып жаткан кези.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: