Menu

Өлкөдө айрым партиялар парламенттик шайлоого даярдык көрө башташты

Бөлүшүү:

Жаңы саясий сезондун башталышы менен партиялар 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярдана башташты. Жогорку Кеңеште мандат саны боюнча экинчи орунда турган «Республика – Ата Журт» фракциясы шайлоого азыркы курамында катышпайт.

«Ата Журт» Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги алдында шайлоого өз бетинче барууга ниеттенүүдө. «Республика» азыр бир чечимге келе элек, жарышка Өмүрбек Бабановдун катышар-катышпасы да белгисиз.

2014-жылдагы парламенттик шайлоо алдында «Республика» менен «Ата Журт» партиялары биригип, Жогорку Кеңеште депутаттардын мандаты боюнча экинчи орунга ээ болгон. Бирок 2020-жылы алар шайлоого өз-өзүнчө барууну чечишти.

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин айтымында, ал бул кызматташуудан натыйжа көргөн эмес. – Биз, албетте, шайлоого камданып жатабыз. Азыр даярдык жүрүп жатат. Шайлоодо жеңишке жетебиз деген үмүт бар. «Ата Журт» «Республика» менен бирикпейт жана 2010-жылдагы ийгиликти кайталайбыз деп ишенем. Өмүрбек Бабанов менен көптөн бери сүйлөшө элекмин, көрүшкөн да жокмун. Ал шайлоого барабы-жокпу, билбейм, – деди Ташиев.

Ошол эле маалда эл өкүлдөрү «Республика» шайлоого катышар-катыпшасын да так айта алышпайт. – Түшүнүксүз абал, «Республика» партиясын ким жетектей турганы белгисиз. Лидер алмашса, партиянын курамы толугу менен өзгөрүшү мүмкүн, эгер жаңы лидер саясатчыларды канааттандырбаса, алар басып кетишет. Негизинен жаңы жылга чейин баары аныкталышы керек жана ким кайсы партия менен шайлоого барарын айтса болот, – деди аталган партиядан депутат Марлен Маматалиев.

«Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов менен «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиев «Республика – Ата-Журт» деген аталыш менен 2014-жылы парламенттик шайлоо алдында Юстиция министрлигинде өзүнчө партия каттатып, ал ушундай эле аталыштагы фракция болуп парламентке келген. Анда Бабанов менен Ташиев партиянын тең төрагалары болгон. Бирок кийин жергиликтүү шайлоолор алдында тандем күчүн жоготкону жарыяланган. Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата-Журт» деген аталыш менен иштеп жаткан фракцияда 28 депутат бар.

Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан.

Буга чейин «Кыргызстан» партиясы да 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышууга даяр экенин маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: