Menu

Хашим Зайналиев кайрадан киши дарылай баштайбы?

Бөлүшүү:

Соцтармактарда табып Хашим Зайналиевдин Кыргызстанга кайтып келгени айтылууда. Мурда ал өлкөнү таштап, Оман өлкөсүнө чыгып кеткени айтылган.

Хашим Зайналиев Facebook  аркылуу бийлик органдарына кайрылып, сот чечиминин айынан онкологиялык оорулууларга жардам бере албай жатканына кейиген. Ал Саламаттыкты сактоо министрлиги менен фармацевтердин көрө албастыгын, ач көздүгүн айтып, иштөөгө мүмкүндүк бербей жатышканын айткан экен. Врачтардын колунан келбеген ооруларды өзү гана айыктыра аларын да баса белгилеп келет.

Эскерте кетсек, 2018-жылы Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнө оор абалда кичинекей кыз түшкөн. Белгилүү болгондой, алар кызды врачтарга көрсөтпөй, элдик дарыгерге алып барып жүрүшкөн, натыйжада оорусу өтүшүп кеткен.

Хашим Зайналиевге карата арыздануулар 2016-жылдан бери болуп келет. Ал оорулууларды жеке үйдө кабыл алып, тийиштүү шарты жок абалда дарылап келген. Бир топ оорулуулардын өлүмү менен аяктаган фактылар катталган. Жабыр тарткан тараптардан расмий арыз болбогондуктан, милиция кылмыш ишин токтотуп койгон. 2019-жылы апрелде Бишкек шаардык соту табыпка медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салган, ошондон кийин ал Оманга кетип калганы айтылат.

Былтыркы президент менен болгон жыйынтыктоочу пресс-конференцияда журналисттер Хашим Зайналиев боюнча суроо беришкенде, Сооронбай Жээнбеков: “Анын лицензиясын алып коюшту, азыр милиция карап жатат” деп айтканы бар.

Белгилей кетсек, Х.Зайналиевдин эч качан тийиштүү лицензиясы болгон эмес.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: