Украинанын Иликтөө боюнча мамлекеттик бюросу өлкөнүн мурдагы президенти Петр Порошенкого кылмыш ишин ачып, мүлкү тууралуу жалган маалымат берүү фактысын иликтей баштады. Бул тууралуу Ukranews агенттиги билдирди.
Иликтөө боюнча мамлекеттик бюро кылмыш иши Жогорку Рада депутаттарынын биринин арызы боюнча козголгонун тастыктады.
Маалыматка караганда, экс-президенттин мүлкү тууралуу декларацияда жалган маалымат көрсөткөнү аныкталса, ал ири өлчөмдө айып пул төлөп же үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мындан тышкары ага бир нече жыл мамлекеттик кызматтарды аркалоого да тыюу салынышы ыктымал.
Порошенкого иш козголгонун буга чейин “Эл кызматчысы” партиясынын депутаты Александр Дубинский да тастыктаган. Анын айтымында, 2018-жылы Порошенко декларацияны туура эмес толтурган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ