Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Япония, Гана, Испания, Молдова, Шри Ланка жана Бахрейндин Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, Япония, Гана Республикасы, Испания Королдугу, Молдова Республикасы, Шри Ланка Республикасы жана Бахрейн Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы ар бир Элчини жеке Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигинин башталышы менен куттуктап, алардын кесиптик тажрыйбасы өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө көмөктөшөрүнө ишенимин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жаңы башчылары менен өлкөлөр ортосундагы кызматташуунун азыркы абалын жана артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, кыргыз тараптын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, саясий чөйрөлөрдө жана ошондой эле инвестицияларды тартуу жана ишкерликти колдоо маселелеринде эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өлкөлөр менен мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Президент кызматташууну активдештирүү, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөө боюнча Элчилердин активдүү ишин кубаттаарын белгиледи.

Япониянын Элчиси — Сигэки Маэда, Гананын Элчиси — Саути Яхья Идди, Испаниянын Элчиси — Давид Артуро Карриедо, Молдованын Элчиси — Андрей Негуца, Шри Ланканын Элчиси — Нурдин Мохаммед Шахед жана Бахрейндин Элчиси Анвар Юсуф Абдулла Аль Абдулла  Кыргыз Республикасынын Президентин Кыргызстан менен эки жана көп тараптуу мамилелердин толук мүмкүнчүлүгүн ачууга бардык аракеттерин жумшай тургандыктарына ишендиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: