Нарын облусундагы Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылындагы 17 жаштагы өспүрүмдөр баш кошуп алганы тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, кечээ, 8-октябрда Нарын РИИБсине жашы жете элек жаштар баш кошуп алышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милиция барып, маалыматты тастыктаса, 2002-жылы туулган Э.у.Ж. менен 2002-жылы туулган Б.к. Ж баш кошуп алгандары аныкталган. Эки жаш 9-классты аяктагандан кийин өз каалоосу менен мектептен чыгып, Бишкек шаарында тигүү цехиндеги иштеп, ошол жерден таанышып калышкан. Ашыктык сезим экөөн баш кошууга жетелеген. Андай чечимин ата-энесине айтып, алардын макулдугу менен баш кошушкан.
Ал эми айыл тургундарынын айтымында, эки жаш 7-октябрда нике кыйдыруу үчүн үйүнө молдо чакырышкан. Алардын жашын уккан молдо турмуш курууга жаштары туура келбестигин айтып, нике кыйбай кетип калган. Ал эртеси, 8-октябрда милицияга билдирген. Бул факт реестерге катталып, териштирүү иштери жүрүдөө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ