Menu

Бишкекте дарыкана бизнесине ким ээлик кылат жана мамлекетке канча пайда түшөт?

Бөлүшүү:

Фармбизнес – бул соодадагы эң кирешелүү тармактардын бири. Адамдар дары-дармектерден тышкары  көбүрөөк эле тамак-аш менен жанар майларды сатып алат.

Кыргызстанда фармаколгиялык бизнес, бүткүл дүйнөдөгүдөй эле – эң мыкты киреше булагы. Бирок бул тармакта атандаашуу күч, ошондуктан кирешелүү бизнес кылуу оңой-олтоңго турбайт. Рынокто кээ бир оюнчeлар жөн гана калкып жүрө бербей, улам өнүгүп-өсүп, жаңы филиалдарын ачып, көбүрөөк кызматкерлерди ала башташат.

“Борбор калаабыз Бишкектеги ири дарыкана түйүндөрүнө ким ээлик кылат жана андан мамлекет канча пайда табат?” деген суроого жооп издеп көрдүк.

Көрсөткүчтөрү боюнча алдыңкы катарда жүргөндөр

Бишкектеги ири дарыкана түйүндөрүнүн бири – “Неман-Фарм”. 2ГИСтин маалыматына ылайык, Бишкекте жана анын айланасында түйүндүн 88 филиалы бар. 2018-жылга карата “Неман-Фарм” ЖЧКсы бүджетке 141,7 млн сом которгон.

Азыркы тапта ЖЧКнын директору – Күннур Алиева, ал эми ээси – Эмил Артыкбаев – Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин уулу, азыр ал ЖЭБ модернизациясы боюнча кылмыш иши менен камакта.

“Неман-Фарм” жөнүндө дагы бир кызыктуу факт. Бул филиалдарынын саны менен гана көч башында эмес, бүджеттеги каражаты боюнча да алдыда. 2011-жылдан 2018-жылга чейин Артыкбаевдин фирмасы мамлекеттик медициналык мекемелердин бардыгы менен тыгыз байланышта активдүү иштеп келет, дары-дармектерди бирден да, дүңүнөн да сатышат экен. Натыйжада мамлекеттен эле “Неман-Фармдын” эсеп-кысабына 640,2 млн сом түшкөн. Бул компания 8 жыл аралыгында мамлекетке төккөн салыгынан 25 млн сомго көптүк кылат.

Сөз келгенде, айта кетели, Эмил Артыкбаев “Неман-Фармдын” гана ээси эмес, “АССКОН” ЖЧКсынын да ээси.

Бирок ушундай ири түйүндүн да атаандаштары бар экен, азыр алар мамлекеттен мындан да көп акчалай каражат алышат. Кеп ошол туурасында болсун.

“ФармаМир” жана анын компаниясы

Атамекендик фармбизнестин дагы бир лидери – “ФармаМир” компаниясы, анын Бишкек менен анын айланасында 56 филиалы бар. Бул ЖЧКнын директору – Ринат Абылгазиев, ал эми ээси – Жылдыз Садырбаева. 2018-жылы эле компания мамлекетке 14,6 млн сом салык төккөн. Бирок “ФармаМирге” туунду “Эляй” ЖЧКсы өзгөчө кызыгуу туудурат. Директору – “ФармаМирдин” ээси Жылдыз Садырбаева, а ээси – Нурбек Акжолтоев. 2018-жылы ЖЧК 60,1 млн сом салык төккөн да, ал эми мамлекеттин бүджетинен 166,6 млн сом алган. 2011-жылдан 2018-жылга чейин мамлкет менен 543,5 млн сомго соода-сатык кылган.

Белгилей кетчү жагдай, “ФармаМирдин” сатуу бөлүмүнүн директору – “Фарм Сервис” ЖЧКсынын ээси – Жолдошбек Эсенбеков. 2ГИСтин маалыматына ылайык, “Фарм Сервистин” Бишкекте 12 филиалы бар. Ошондой эле Ж.Эсенбеков – борбордо 47 филиалы бар “Лекарь” ЖЧКсынын ээси.

Дагы белгилей кетчү жагдай, “Эляй” ЖЧКсынын ээси Нурбек Акжолтоев “Дармек Фарм” ЖЧКсынын мурдагы ээси, азыр аны Заирбек Киргизбаев жетектейт. Ал болсо – “Саламат Фарм” ЖЧКсынын ээси. Өзүнчө эле чубалжыган фармакологиялык чынжырча бекен?

Бул “ынтымактуу түйүндөрдүн” филиалдарынын сандарын эске алсак, “ФармаМир” жана анын компаниясы эчак эле “Неман-Фармдан” озуп кетиптир. Мамбүджеттен түшкөн каражаттары да кыйла көп, алар биргелешип Арыкбаевдин компаниясына атаандаш боло алышат экен.

“Фарватер”

“Фарватер” ЖЧКсынын Бишкекте 14 филиалы бар. Мындай түйүндөр борборубузда көп эле дечи.Бирок 2018-жылы компания бүджетке 22,6 млн сом салык которгон. Салыштырып баккыла, ошол эле “ФармаМир” 56 филиалы менен – болгону 14,6 млн сом которуп жатат. Аталаган ЖЧКнын директору да, ээси да бир киши – ал Жантөрө Турдубаев.

“Фарватер” ЖЧКсынын соңку жылдары мамлекет менен кантип сүйлөшүп алганы кызыктырат. 2018-жылы бул компания мамбүджеттен 151,8 млн сом алган. Бул “Неман-Фармдан” эки эсе көп, ал эми “Эляй” ЖЧКсынан бир аз азыраак дегендик. 2016-жылдан 2018-жылга чейин мамлекет “Фарватерге” 391,7 млн сом которгон. Бул көрсөткүтөр боюнча компания “Эляйдан” да ашып кеткен.

“Ачык бүджет” порталынын маалыматына ылайык, акыркы жылдары “Фарватер” Саламаттыкты сактоо министрлиги менен эң сонун мамиле түзүп алгандай. Компания алар менен көп миллиондогон келишим түзгөнгө үлгүргөн.

Эскерте кетсек, азыркы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев да дал ушул дары-дармек бизнесинен чыккан. 2018-жылдын жарымына чейин ал GALENPHARM дарыкана түйүндөрүнүн жетекчиси болгон. Биз бир нерсе кыйытып жатканыбыз деле жок. Болгону – маалымат үчүн.

“Айболит”

“Айболиттин” Бишкекте 60 филиалы бар, алар Pharm-Trade ЖЧКсынын алдында иштешет. Бул ЖЧКда чет элдиктер (казактар) кош ээлик кылат. Pharm-Trade ЖЧКсынын директору – Гүлнур Насырбаева, ээси – Шокан Бегалиев. 2011-жылдан 2018-жылга чейин “Айболит” мамбүджеттен 335,8 млн сом алган. Бирок салык төлөмдөрү аз. 2018-жылы болгону 6,4 млн сом которушкан.

Насырбаева менен Бегалиевдин дагы бир “Медсервис.KGдеген ЖЧКсы бар. Бул компания 2018-жылы 10,8 млн сом салык төлөгөн, ал эми мамлекеттен – 31,1 млн сом алган.

“Бимед Фарм”

“Бимед Фарм” ЖЧКсынын борбордо 32 филиалы иштейт. Директору жана ээси – Светлана Чумаева. Акыркы 8 жылда компания мамбүжеттен 287,2 млн сом алган.

Мамлекеттен мындай ири сумма алгандан тышкары ЖЧКнын жетекчилигинде Кынабү Бабанова турат – белгилүү саясатчы Өмүрбек Бабановдун эжеси.

Жыйынтыгында

Жогоруда келтирилген мисалдардан улам, Кыргызстанда олуттуу бизнес олуттуу кишилерге жана алардын туугандары менен жакындарына тиешелүү экенин көрсөтүп койду. Башында чоң кызматтарда мурда-кийин тургандары да бар.

Мамлекеттик органдарда иштеп, ага коштой бизнес жүргүзүү Кыргызстанда абдан пайдалуу схема экенин далилдеди – мамлекет сенин негизги кардарың болот дагы, а сен мамбүджеттен жылына жүз миллиондогон акчалай каражаттарды алып турасың.

Булак: kaktus.media кыргызчалаган KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: